www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Япониянын ортосунда 2,9 миллион долларлык грант келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ал акча каражатты Япония тарап берип, "Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программасы" долбооруна жумшалат.
"КРдеги мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринин кадрлары даярдалып, кыргызстандыктар Япониянын эл аралык университеттеринде магистратура жана докторантурада билим алууга мүмкүнчүлүк алат. Окуу коомдук башкаруу, эл аралык мамилелер, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, экономика, айыл чарба жана экологиялык саясат сыяктуу чөйрөлөргө каралган", — деп жазылган билдирүүдө.
Чет өлкөдө окуй тургандар сынак аркылуу тандалып, талапкерлердин академиялык жөндөмдүүлүгү эске алынат.
Булак: NazarNews.kg