www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Ноокат районунда айдоочу өспүрүмдү сүзүп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсык Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жолунда болгон. Айдоочу катуу ылдамдыкта айдап бара жатып, 8-9 жаштагы баланы сүзгөн. Ал баланы 10 метрге чейин сүйрөп барган.
Маалыматты Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев тастыктады.
Анын айтымында, кырсык 12-августта саат 16:30 чамасында катталган.
Ноокат районунун Мирмахмудов айылынын тургуну 2000-жылы туулган А.уулу Т. “ВАЗ 2107” унаасы менен 2011-жылы туулган баланы сүзүп кеткен. Айдоочу унааны Ноокат-Кара-Таш автожолунун түштүк тарабынан түндүккө карай айдаган.
Натыйжада, бала райондук ооруканага жеткирилген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Булак: NazarNews.kg