www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын жеке машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаров Токиодогу Олимпиада оюндарына барбай калганына кайгы тартып отурат. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Анын айтымында, делегация курамына ал дагы кирген. Бирок кийинчерээк делегация кыскарды деп ал тизмеден алынган.

"Бизге Олимпиадага барасыңар деп айтышты. Биз формаларыбызды тиктирип, даяр турдук. Бирок, кетээр алдында делегация кыскарды деп бизди тизмеден алып салышты. Биздин ордубузга депутаттар жазылыптыр. Алардын спортко эч кандай тиешеси жок. Мен кыздардын машыктыруучусу катары телевизордон көрүп, ичим ачышып отурам. Бул көйгөйдү Президент гана чече алат деп ойлойм. Дайыма ушундай болуп келген",-дейт машыктыруучу.

Белгилей кетсек, 40 жыл ичинде машыктыруучу үч Олимпиадалык чемпионду тарбиялаган.

"Спортчуларымдын кайгы, кубанычын тең бөлүшүп, жанында болгум келген. Тилекке каршы болбой калды", - дейт ал.

Булак: maalymat.kg

Последние новости