www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода камакка алынган адамдардын бардыгы тыюу салынган диний-радикалдык жана террордук-экстремисттик уюмдарга мүчөлүккө айыпталып жатканын билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын арасынан 23 кишинин Группа-24, Ислам кайра жаралуу партиясы жана Тажик улуттук пакты сыяктуу саясий оппозиция менен байланышы бар.

Министр Рахимзода калгандарынын бардыгы диний-радикалдык уюмдардын катарында тургандар экенин айтты. Ал 4-августта берген маалымат жыйынында кармалгандар кайсы уюмдардан экени тууралуу буларга токтолду:

Ихван-уль-Муслимин - 3 киши

Ислам мамлекети тобу (ИГИЛ) - 26 киши

«Салафия» - 45 киши

«Группа 24» - 13 киши

ПИВТ - 6 киши

Ансаруллах - 9 киши

Хизб ут-Тахрир - 6 киши

Аль-Каида - 3 киши

«Таблиги Жамаат» - 8 киши

Өзбекстандын ислам кыймылы - 5 киши

Тажикстандын улуттук пакты - 4 киши

Анткен менен адам укугун коргогон бир катар уюмдар тажик бийлигинин кармалгандарды терроризм, экстремизмге айыптоосуна күмөн санашууда. Алардын айтымында, бийлик террорчулук деген шылтоо менен катаал чараларды көрүп, саясий атаандаштарынан жолду тазалап келгенин сынга алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости