www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Идеология түшүнүгү кыргыз тилинде аныкталып, анын түрлөрү, баскычтары жөнүндө багыттама маалымат берилген. Дүйнөдө идеологиянын эволюциялык маани-маңызы адамзатты кандай өзгөрүүгө учураткандыгы жана анын заманбап шарттагы абалы талдоого алынып адамзат жаныланган дүйнөлүк идеологияга муктаж экендиги белгиленет. Мындай шартта, кыргыз коомунда да элди миңдеген жылдар өнүктүрүп келген кыргыз наркына, эмгекте калыптандырылган Кыргыз Нарктуулук идеологиясына кайрылуу сунушталып, мындай идеологияга башка коомдор да муктаж экендиги айтылат.
Ал эми жазуучу Бердибек Жумабаев идеологиянын бир нече түрлөрү бар экенин айтат.
Негизи эле, идеология деген өзү эмне?
Идеология жалпы түшүнүк. Аны, ал коргогон субъектке жараша адамзаттык, цивилизациялык, улуттук, мамлекттик, аймактык, уюмдук, уруулук, жамааттык, ж.б. ажыратып түшүнсөк болот. Бизди улутту сактап калчу, өнүктүрчү идеология кызыктырат.
Кандай идеология болбосун анын жаралышы жана өнүгүшү, элдеги тарыхий "бурулуш жагдайына байланыштуу, анткени дүйнөдөгү элдердин ооматтуулугунун мыйзам ченемдүү өзгөрүшү, белгилүү идеологияны түбөлүктүү кылбайт.
Идеология деп - тарыхий жагдайдын талабына ылайык, улутту мамлекет куту менен жетектөөч жана коргооч, элдин аң-сезимин келечектүү нукка бириктиргич, улуттун жана улуттук мамлекетттин эгемендигин узакка камсыз кылуучу түптүү идеялардын системасын айтабыз.
Идеология элдин басымдуу бөлүгүнүн аң-сезимин келечектүү нукта калыптандырат жана ага таасир этүү менен коомду түптүү ишмердиктерге багыттайт.
2. Идеологиянын түрлөрү
Улуттук идеологияны так айырмалоо үчүн аталышы боюнча идеологияны улуттук жана улуттук эмес деп негизги эки түргө бөлсөк болот. Улуттук идеология, көбүнчө бир улуттун саны башка улуттардын санынан басымдуулук кылган өлкөдө, кылымдарды карытып жаралат жана өнүгөт. Ал идеологиянын пайдубалын ошол улут кылымдап калыптандырган этностун баалуулуктарына таянган, этносту сактап калуу жана өнүктүү идеялары түзөт. Улуттук идеология экиге бөлүнөт. Рухи жана технократтык болуп.
Рухий баалуулуктарга таянган улуттук идеология иштеген өлкөлөрдүн баш мыйзамында этностун рухий баалуулуктарын коргоого артыкчылык берилип, ылайык aгa экономикалык маданият колдонулат. Мисалы: Япония, Индия. Технократтык баалуулуктарга таянган Улуттук идеология иштеген өлкөлөрдүн баш мыйзамында коомдун экономикалык баалуулуктарын коргоого артыкчылык берилип, ага рухий баалуулуктарды ылайыктоо кийинки орунга жылат. Мисалы: Англия, Германия. Улуттук эмес идеология, көбүнчө курамында бир улуттун саны артыкчылык кылбаган же бир улуттун басымдуу көпчүлүгү бир ишенимди карманган өлкөлөрдө кылымдарды карытып жаралат. Ал экиге бөлүнөт: технократтык улуттук эмес идеология (Мисалы АКШ, Австралия) жана ишенимдик улуттук эмес идеология (Мисалы: САР, Иран). Технократтык улуттук эмес идеология иштеген өлкөлөрдүн баш мыйзамында улуттун эмес, адамдын укугуна негизделген экономикалык системага артыкчылык берилген. Ишенимдик улуттук эмес идеология иштеген өлкөлөрдүн баш мыйзамында улуттук эмес, ишенимдик баалуулуктарга артыкчылык берилген.
Дүйнөдөгү идеологиянын түрөлөрү, акыры, экономиканы карамагына алган, терт негизги кубулушка байланышта калыптанды. Биринчиси - улуттук өзгөчөлүккө жетишүү кубулушу. Этностун өнүгүүсү негизинен бир улуттун кылымдар бою мамлекуттуулук калыптандыруудагы улуттук рухий дөөлөтү менен камсыз кылуу менен аныкталат технократтык өзгөчөлүккө жетишүү кубулушу. Этностун өнүгүүсү негизинен жогору кармануусу илимий-техникалык жетишкендиктерди (мисалы Германия). Үчүнчүсү Теңаталык өзгөчөлүккө жетишүү кубулушу. Этностун Өнүгүүсү негизинен коомдогу адамдардын укуктук, эркиндиктик маселелер боюнча те аталыгын камсыз кылуусу менен аныкталат (мисалы АКШ). Төртүнчүсү ишенимдик өзгөчөлүккө жетишүү кубулушу. Этностун өнүгүүсү коомдогу элдин көпчүлүгүнүн бир ишенимдик тартипти бекем кармануусу менен аныкталат (мисалы Иран).
3. Идеологиялык баскычтар жөнүндө
Адамзаттын өнүгүүсүндөгү адамдын укуктук жана эркиндиктик маселелери идеологиялык пайдубалдын предмети катары каралып, анын мыктылыгы өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги сапаттык керсеткүчтөрүнө айланды. Ошентип, акыркы доордо, кандай гана идеологиянын түрү болбосун, коомдогу адамдардын укуктарына жана эркиндиктерине болгон мамилеге жараша болуп, акыры төмөндөгүдөй аталыштагы идеологиялар өкүм сүрдү. Аларга токтоло кетүү кыргыз идеологиясынын өзгөчөлүгүн байкоого жардам берет.
Биринчи - абсолюттук эркиндик идеологиясы (мисалы анархизм). Анын негизинде - адам, башкалардын тиричилигин чектебеген, бардык укуктарга жана эркиндиктерге ээ деген идея жатат. Турмушта мунун негизинде жашаган коом сейрек жаралат (байыркы гректердин демократиялык полистери). Бул идеология элди революцияга кетерүүгө жардам бергени менен, идеологияга ылайык коомдук маселелерди чечүүдө алсыз, анткени адамдардын санынын көптүгүнө байланыштуу. Жаралган чексиз кызыкчылыктарды жана кээ бир адамдык касиетке ылайык келбеген кадамдарды чектөөгө туура келет (адам өлтүрүү, зордук зомбулук кыйратуучулук, келечеги адамзатка зыян аракеттер ж.б.).
Экинчи абсолюттук бийлик идеологиясы (мисалы фашизм коммунизм). Анын негизинде, адам бийлик ыйгарган гана укуктарга жана эркиндиктерге ээ деген идея жатат. Бул идеология инсандык культка айланып алган чыгаанга байланышкан. Мында, так ушул чыгаан инсан коомду багыттоо чындыгын тапкан, ошон учун ал бийликтин туу чокусуна чыкты делет. Арийне, ал идеология коомду узак жашатпайт, анткени калк укук жана эркиндик жаатындагы мындай кысымга кепке чыдай бербейт.
Үчүнчүсү - абсолюттук атаандаштык идеологиясы (мисалы социал-дарвинизм). Анын негизинде, адам башкалардан атаандаштык менен өзүнө ыйгарып алган гана укуктарга жана эркиндиктерге ээ деген идея жатат. Бул идеология кандайдыр бир проблеманы түп катыра чече албайт, анткени бүгүнкү атаандаштык менен жетишкен жыргаалчылыктын өзгөргөндө дагы уланышына кепилдик жок экендиги, аларды кайсыл өзгөртүүгө болбосун каршы турууга түртөт.
Төртүнчү - абсолюттук жүйө идеологиясы демократия. Анын негизинде, адам (мисалы социалдык чектөөлөрдөн башка бардык укуктарга жана эркиндиктерге ээ деген идея бийлик жүйөлүү деп койгон жатат, б.а. тыюу салынбагандын баардыгына уруксат. Бирок бул идеологияны тутунган коомдо коомдун өзүн-өзү жөндөөчүлүгү бийликтен кийинки орунда тургандыктан, жарандарга күтүлбөгөн кысымдар жана эркиндиктерине ашынган чектеелер болбойт деген кепилдик жок. Ушул себептен, мурдагы үч идеологияга караганда артыкчылыгы болгону менен мындай идеологияны кынтыксыз деп эсептееге болбойт.
Төрт идеологиянын коомдук эмгектеги ордуна (ролуна) токтолсок: абсолюттук эркиндикте адам өзүнө жакканын жасайт, абсолюттук бийликте адам бийликке милдеттүү болгон ишти жасайт, абсолюттук атаандаштыкта адам эмнеге көп акча төлөнсө ошону жасайт; абсолюттук жүйөдө адам өзү эмненин чебери болсо ошону жасайт. Тарыхта идеологиялар негизинен ушул тартипте алмашып, адамзат улам кийинки жогорку өнүгүү деңгээлине өтүп турганы менен, материалдык кызыкчылыктын адамдардын рухий кызыкчылыгынан жогору баалана баштоосу, б.а. дүйнөкөр, мансапкор ыймансыз багыттагы саясаттын көчөй, көбөйө баштоосу (башка мамлекетти саясий-экономикалык кысым аркылуу өзүнө сиңирип алуу, ата-энени карылар уйуне жеткирүү, жаш кыз балдардын рухий дүйнөсүн булгоо уюмдарын түзүү, экологияны экинчи орунга коюу ж.б.). Адамзатты жаңы идеология иштеп чыгууга түртөт.
Демек, дүйнөлүк алкакта, улуттардын келечектүү өнүгүүсүнө "паровоз" болуп бере алчу идеологиянын иштелип чыгышы, адамзаттын баардык чыгармачыл топторунун күн тартибинде турат.
II Бап. Кыргыз Нарктуулук идеологиясы
1. Кыргыз наркы
Адамзаттын тарыхын талдоодо, доорлорду басып өткөн улуттардын мамлекеттүлүгүнүн түбүндө белгилүү Нарк жатканы аныкталган. Ал Нарк, ошол улуттун басып өткөн жолуна, жашоо шартына, чектеш мамлекеттин, дүйнөлүк өнүгүү тажрыйбасына жараша, ошол улут түзгөн коомунун же соңку республика түрүнүнү баш мыйзамынын уюткусу болуп эсептелет. Кыргыз Наркы- байыртан бери кыргыз коомундагы адамдын, бийлик бутактарынын, жамааттардын укуктарынын. Эркиндиктеринин жана жоопкерчиликтеринин мыктылыгын, коомдун тиричилигинин системалуулугун кепил кылган рухий куту, көөнөрбөс мурасы. Кыргыз наркынын тамыры дүйнөлүк илимий, ишенимий, диний таанымдардын башталышы болуп берген бабалардын Теңирий дүйнө таанымынан башталат.
Теңирий дүйнө таанымынан өзөктүк идеялары:
1. Ааламды жаратып, уруктандырып, ага туболук тагдыр таккан жалгыз эге-асмандагы Жараткан.
2. Кандай гана кубулуш, окуя же түзүлүш болбосун, ал тең маанилүү
3. Эки тараптан турган бүтүндүктү тзөт. Ал эки тарап, өз ара ылайык ырааттуулукта (гармонияда) өнүгөт, - деп жаратылыштын сырларын андоо менен аныкталган жана ага жараша аталышы калыптанган. Демек, система түшүнүгүнүн баштапкы аныктамасы эбак эле Теңирий дүйнө таанымда берилген жана аны табылгалаган көчмөндөр цивилизациясы, ошол себептен жаратылыштын койгон шарттарына ылайык өнүгүү менен, узак жана чыгармачыл жашай алган. Кыргыз наркынын категориялык түшүнүктөрүн тактай кетсек. Кыргыз элдик башкаруу жана элдик аткаруу тараптары биригип Баш мыйзам (соңкуча-Конституция) деп аталып, ал Кыргыз Республикасынын Наркынын Элдик жана мамлекеттик (соңкуча- Мамлекеттик) башкарууларын түптөйт, ал эми Кыргыз баш мыйзамынын өзөгүн Кыргыз нарктуулук идеологиясы түзөт. Кыргыз элинин даанышмандары жана мамлекеттин чыгаандары Кыргыз наркынын иштешинин Теңирий дүйнө таанымдын өзөктүк идеясын Кыргыз Наркын калыптандырууга колдонгон. Мисалы Кагандык - ишенимдик жана аткаруу эки бийлигинин ыраатынан түзүлүп башкарылган.
Ал эми натыйжасында мезгилге ылайык Кыргыз баш мыйзамын калыптандыруунун идеологиясы жаралып турган ажырагыс байланышы бар. Этностун аң-сезими анын басып өткөн жолуна жараша. Демек, улуттар үчүн, баш мыйзам менен улуттук идеологиянын дүйнө таанымына, келген баш мыйзамына калыптангандыктан, мейли өнүккөн өлкөнүн идеологиясын болсун көчүрмөлөө этносто болуп көрбөгөндөй башаламандыкты жаратат (смута-эгемендик алгандан берки бир муундук башаламандык, отузга жакын премьер-министрдин алмашылышы, улуттук байлыктардын таланып, тонолушу, мекенин таштап жеке кызыкчылыктарын көздөп кетип жаткандарга кайдигердик менен мамиле кылуу ж.б.).
Эгемендик алгандан берки башаламандыктын шартында, муун мурастап алчу бабалардын мамлекеттүлүг, салттуу баалуулуктары тууралуу түшүнүктөрүнүн калыптанбай калышы, келечекте нечен трагедиялык окуяларды жаратпай койбойт, анткени саясий ката эч качан оңдолбогон каталар кирет.
Жогорудагы идеяларга ылайык, мурастуулук принцибин карманбаган коом узак жашай албайт, анткени бетен элдердин айдагында калып, акыры алардын бирине сиңип кетет. Демек, улут башаламандыкка учурап калбаш үчүн, кылымдардан бери жашап келген идеологиясын түп-тамыры менен өзгөртүүдөн коомчулук оолак болушу керек. Ошондуктан, улуттук өнүгүүнүн бурулуш мезгилдерине, баш мыйзамдын өзөгүн түзчү Кыргыз нарктык идеологиясынын "түркөктөрүн" мезгил талап кылган деңгээлге ылайыктоо иштери жүргүзүлөт.
Ошентип, бабалардын шартында Кыргыз наркынын маңызы өлкөнүн баш мыйзамын, ал эми салт заманбап шарттагы баш мыйзамдык мыйзамдарды чагылдырган. Көпчүлүк элдердикиндей эле, кыргыздарда да улуттук маданияттын туу чокусу болуп баш мыйзамдын мыктылыгы эсептелген Кыргыздардын баш мыйзамы Элдик Курултай, Хандык институту. Аксакалдар Кеңеши, бийлер институту болуп, терт негизги институттан турган. Булардан Элдик Курултай менен Аксакалдар Кеңеши кыргыз элинин башкаруу институттарын, ал эми Хандык институту менен бийлер институту элдин аткаруу институттарын чагылдырат. Алардын негиздери баш мыйзамдын орчундуу баалуулуктарын, коомдогу ордун аныктайт жана Кыргыз нарктуулук идеологиясын калыптандыруунун өзөгүн түзөт.
Булак: NazarNews.kg