www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн атайын операциянын натыйжасында адамдарды уурдоо жана опузалап акча талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кылмыштуу топ зөөкүрлүгү менен айырмалынып, жабырлануучулардан  ири суммадагы акча каражатын талап кылуу менен зомбулук көрсөтүшүп, кыйнап келишкен.
Жакында, ички иштер органдарына чет өлкөлүк жаран кайрылып, азият жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы белгисиз төрт адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү боюнча арыз менен кайрылган. 2019-жылдын 3-февраль күнү белгисиз адамдар жабырлануучуну “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаага салышып, башына кап кийгизишип, белгисиз жакка алып кетишкен.

Кылмышкерлер аны капчыгайга алып барышып, ур-токмокко алуу менен 5000 АКШ долларын талап кылышкан. Маалым болгондой, шектүүлөр ишкерди дарыяга ыргытабыз деп коркутушкан. Жабырлануучунун денесинен оор жаракат алып, кабыргалары сынган. Андан соң, өлтүрүп коебуз деп чет өлкөлүк жаранга таандык автоунааны өздөрүнө жаздыртууга макулдугун алышкан. Ишкерди кайра шаарга башына капты кийгизип алып келишип, баасы 13 000 АКШ доллары турган 2011-жылы чыккан «BMW 525» үлгүсүндөгү автоунаасын укукка жат түрдө ээлеп алышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан опузалап талап кылуу, адамды уурдоо, денеге оор залакат келтирүү фактылары боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

Иликтөөгө ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тартылган. 2019-жылдын 3-март күнү сотко чейинки иликтөөнүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталган. Атайын операцияны жүргүзүү максатында КМКнын УККБнын кызматкерлери Ысык-көл облусунун аймагына барышкан. Кылдаттык менен жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмыштуу топтун баардык мүчөлөрү кармалган.

Шектүүлөрдү кармоо операциясы Атайын операциялар отрядынын атайын бөлүмдөрүнүн жоокерлерин тартуу менен жүргүзүлгөн. Кылмыштуу топтун курамына мурда соттолгондор жана УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тургандар бар экендиги аныкталган. Кармалгандардын экөөсү Ысык-Көл облусунун жашоочулары болушат. Ысык-Көл районунда жашаган 1989-жылы туулган Н.С. мурда соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат; Бишкек шаарында жашаган 1988-жылы туулган Т.Э.. Кармалган үчүнчү жаран Чүй облусунун 1984-жылы туулган М.Н. аттуу жашоочусу, мурда соттолгон.

Жогоруда кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кийинки жүргүзүлгөн иликтөөнүн жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыйзамсыз ээлеп алган “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаасын күрөөканага ташташкандыгы такталган. Болжолдуу маалымат боюнча, автоунаанын ээсинин атынан ишеним күбөлүгүн жасашып, 10 000 АКШ долларына сатып жиберишкен.
Азыркы учурда соттук иликтөөнүн алкагында кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости