www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте кыш мезгилиндеги бак отургузуу иштери соңуна келди. Аткарылган жумуштардын арасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде ийне жалбырактууларды жаңыртып отургузуу иштери кирди.

Натыйжада, Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук Филармониясынын маңдайындагы 7 даана тянь-шань карагайларынын ордуна 9 түп көк арча тигилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Экинчи катарга дагы 5 түп арча отургузулду. Жаш арчалардын 3 түбүн Асаналиев атындгы тоо кен институнун түндүк-чыгыш тарабына Чүй проспектин бойлой мэриянын жанына тигилди. Жалпы жонунан 17ийне жалбырактуу дарак отургузулду.

Ийне жалбырактуу бактардын кээ бири 45-50 жылдан бери өсүп келе жатканына байланыштуу, алар куурап, сыртку көрүнүшү начарлап кеткен. Ушундан улам, бул бактар, тамыр системасына доо келтирилбестен, топурагы менен казылып алынып, "Бишкекжашылдандыруу" ишканасынын күнөсканасына калыбына келтирүү үчүн отуругузулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости