www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан 2014-2020-жылдарга карата сырткы саясатынын концепциясында Түркияны алдыӊкы он стратегиялык ѳнѳктѳш мамлекеттин катарына кошкон. ЕАѲБнын (ЕАБР) интеграциялык барометри жүргүзгѳн  изилдѳѳлѳргө ылайык казакстандыктар Түркияны боордоштук, бир туугандык жана ишенимге негизделген дос ѳлкѳ катары санашат. 2009-жылы эки ѳлкѳ стратегиялык шериктештик боюнча келишимге кол коюшкан.

Билим берүү

Алматы шаарында «Сулайман Демирел атындагы Унивеситет», Түркстан шаарында «Х. А. Ясави атындагы Казак-Түрк Университети» ачылган. Түркстандагы Университеттин алдында Түрк Академиясы жана Евразия илим изилдѳѳ институту иштейт. Түрдүү тармактар боюнча биргелешкен 37 лицей бар. Түркияда казак студенттери, Казакстанда түрк студенттери билим алып келишет.

Маданий байланыштар

Эки элдин ортосунда ар түрдүү фестивалдар ѳткѳрүлүп турат, тарыхый жактан маанилүу эстеликтер ачылган, китептер которулуп окурмандарга жайылтылган, эки элдин кинофильмдери кѳрсѳтүлүп турат. Руханий борбор болуп саналган Юнус Эмре маданий борбору ачылган.

Ынтмакты бекемдеген уюмдар

1) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеӊеши (Түрк Кеӊеш) 2009-жылы 3-октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын IX саммити учурунда Н. Назарбаевдин сунушу менен түзүлгѳн. Уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия мүчѳ. Башкы кеңсеси Стамбул шаарында жайгашкан.

2) Түрк маданияты эл аралык мекемеси (ТҮРКСОЙ) 1993-жылы 12-июлда түрк тилдүү элдердин арасында руханий байланышты бекемдѳѳ максатында түзүлгѳн. Уюмга мүчѳ жана байкоочу болгон түрк тилдүү мамлекеттер иш алып барат. Башкы кеңсеси Анкара шаарында жайгашкан.

3) Түрк тилдүү элдердин Парламенттик Ассоциациясы (ТүркПА) 2008-жылы 21-ноябрда Н. Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгѳн. Мүчѳлѳр – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия. Башкы кеңсеси Баку шаарында жайгашкан.

Ушул үч уюмдун экѳѳсүнүн негизделишине казак президентинин демилге кѳтѳрүп чыгышы, анын түрк элдеринин жуурулушуусуна кам кѳргѳндүгү жана лидерликке умтулгандыгы деп санасак болот.

Казактар Түркияны ЕАЭБке кирүүгѳ чакырууда

Назарбаев Путин менен Эрдоганды элдештирүүдѳ маанилүү роль ойной алды. Казак бийлиги ѳздѳрүнүн саясатын Орто Азиядагы эӊ стабилдүү жана демократиялуу деп санашат. Айрым талдоочулардын пикиринде бул жагдай Казакстан постсоветтик ѳлкѳлѳрдүн ичинде түрк тилдүүлѳрдүн интеграциясын колдоп жаткандыгы, ѳз геосаясий долбоорун ишке ашырууга кам уруп жаткандыгы менен түшүндүрүлѳт. 2025-жылы латын тамгасына ѳтүү камылгасы бул долбоордун бир бутагы болуп саналат. Назарбаевдин бийлиги Россия менен бир топ тармактар боюнча тыгыз алака түзүп келет. Ошол эле кезде түрк элдеринин интеграциясына да кызыкдар. Бул аракеттер кошуна Кытай мамлекетинен кѳз каранды болбоо максатында жүрүп жатат деген пикирлер айтылып келет.

2013-жылы Казакстан Түркияны ал кездеги Бажы союзуна (азыркы ЕАЭБ) мүчѳ болууга чакыган. Казак бийлигинин бул кадамга барышына олуттуу экономикалык негиз бар эле. Казак-түрк соодасы 4,5 млрд. доллар, ал эми түрк-орус соодасы 34 млрд. долларга барабар. Түркия 2020-жылы Казакстан менен соода кѳлѳмүн 10 млн. долларга, ал эми Россия менен 100 млн. долларга кѳтѳрүүнү пландап жатат. Түркиядан Казакстанга жиберилген жүк Россия аймагы аркылуу ѳтѳт. Казакстан, Түркия, Россиянын соода түзүмдѳрү окшош. Эгер Түркия ЕАЭБке кире турган болсо Казакстан үчүн чоӊ тирек болуп берет. Экономикалык жана социалдык стабилдүүлүктѳргѳ коркунуч жаралган жайгдайларды эске алганда Казакстанга Түркия менен мамилелешүү ѳтѳ зарыл. Казакстан Түркияны бул экономикалык биримдикке Орусияга тең салмак болсун деп чакырып жатышы да толук мүмкүн. Ошондой эле мамлекеттин түндүгү менен түштүгүндѳгү пикир келишпестиктер, Украина, Крым кѳйгѳйлѳрү, экономикалык кѳрсѳткүчтѳрдүн ылдыйлашынан улам министрлер кабинетин жаӊылоо ж.б. толгон маселелер буга кошумча түрткү болуп берет. Ошентип Казакстан орус бийлиги менен ымала түзүүп, кошунасы Кытай менен да мамиле куруп, бирок андан кѳз каранды болбоо үчүн түрк элдеринин интеграциясын колдоого алып, ѳз геосаясий долбоорлорун алга жылдырып келет.

Миграция

Түрк мигранттары Астана шаары курулуп жаткан 2012-жылдары Казакстанда саны жагынан кѳп болгон. Учурда 10 миӊ кишинин тегерегинде легалдуу мигранттар иштейт. Ал эми канча казакстандык түрк жергесинде эмгек мигранты катары иштеп жаткандыгы боюнча маалымат жок.

Суз тарткан мамиле

Гүлен тобунун максатына жетпей калган тѳӊкѳрүшүнѳн кийин түрк бийлигинин Казакстандан «Хизмет» мектептерин жабуу боюнча сунушу эки элдин мамилесин бир саамга солгундатып  жиберди. Казак бийлиги Гүленге тиешелүү болгон 37 лицейди мамлекеттики, ал эми аларды негиздегендер Казакстандын жарандары деп билдирди. 1992-жылы «KATEV» Эл аралык фонду бул окуу мекемелерин ачкан болсо, ал 1997-жылы «Билим инновация» эл аралык фондуна айланат. Ал эми ага караштуу делген, кийин пайда болгон «Билим ордо» фонду учурда лицейлерди тейлеп, окутуу мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каржыланып турат, эч кандай чет ѳлкѳлүк каржылоо жок деп билдирген казак бийлиги.

Тогуз жолдун тоому

Казакстан аркылуу 5 темир жол линиясы, 6 эл аралык маанидеги авто жол ѳтѳт. Муну экономикага киреше алып келген кан тамыр катары санаса болот. «Нурдуу жол» программасы транспорт инфраструктурасын жакшыртууга арналган.

Курулуш

Казакстандагы «Анкара» мейманканасы, Петропавловскийдеги түтүктүү кесме заводу, «Алембанктын» имараты ж.б. курулуштарга түрк ишкерлери 1 миллиарддан ашык акча каражатын инвестиция катары салышкан.

Аскердик кызматташтык

2018-жылы Казакстан жана Түркиянын коргонуу ведомстволорунун ѳкүлдѳрү аскердик кызматташтык планына кол коюшкан. Анын негизинде казакстандык курсанттар аскердик билим алуу максатында Түркияда окуп келишет. «Коч Холдинг» компаниясы Казакстанда аскердик ѳндүрүшкѳ инвестиция салууга даяр.

Экономикалык алакалар

2017-жылы эки ѳлкѳнүн товар жүгүртүүсү 2 млрд. долларды түзгѳн. Эрдоган муну 10 млрд. долларга жеткизүү сунушун айткан. Эки ѳлкѳ башчыларынын жолугушусунан соӊ бул кѳрсѳткүчтү 2020-жылы 10 млрд. долларга жеткирүү боюнча келишимге барышкан.

Казакстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча Түркияга болгон казак түз инвестициясы 992 млн. долларды түзѳт. Түркияга салынган казак инвестициясы алардын эсебинде 2% барабар. Ал эми Түркиянын Казакстанга болгон түз инвестициясы 2 млрд. 307 млн. долларды түзѳт. 2012-жылы түзүлгѳн «Жаӊы энергия» долбоорунун алкагында 32 долбоор ишке ашып, ага  Түркиядан 800 млн. доллар тартылган.

Жамбыл обулусунда металлургия, химия жана айнек ѳндүрүүдѳ колдонула турган кальцинирделген сода чыгаруучу завод куруу жагы пландалууда. Ал 230 жумушчу орунун жаратып, долбоор 270 млн. долларды түзѳт.

«Казакстан инвест» түркиялык «Eksen Group» менен Алматы шаарында 300 млн. доллар турган финансылык, социалдык жана бизнес-борбор куруу боюнча долбоорго кол коюшту. Долбоордо бизнес-борбор, аппартамент жана «JW Marriot» мейманканасын куруу жагы каралган.

2018-жылы Анкарада ѳткѳрүлгѳн Казакстан-Түркия бизнес форумунун соӊунда «Түрк бизнесинин капитандары» деп аталган 25 ири ишкана менен (алардын капиталдык салымы түрк экономикасынын 15% түзѳт) 1,7 миллиард доллар кѳлѳмүндѳ инвестициялык 24 келишимге кол коюлду. Жаӊы инветициялык долбоорлор 3 000 казак жаранын жумуш менен камсыз кылат. Жалпысынан 200 түрк ишканасы Казакстанда 40 долбоор менен иш алып барат.

Экспорт

Казакстандан Түркияга: катод жези, катоддор, металл, цинк, мунай, буудай, жер семирткичтер, булгары, уяӊ жүн экспорттолот. Мамлекеттин жалпы экспортунун ичинен Түркияга болгон экспорттун кѳлѳмү 3,5 % түзѳт. Түркия үчүн Казакстандын импорту 1,37 % барабар. 2017-жылы Түркияга болгон Казакстандын экспорту 1 миллиард 147 млн. долларды түзгѳн. Казактардын түрктѳрдѳн алганына караганда сатканы кѳп.

Импорт

Түркиядан Казакстанга: кездеме, кийим-кече, бут кийим, керек-жарак буюмдары, тамак-аш, дары-дармек, автомашина  жана автобустар, машиналар жана жабдуулар, ѳнѳр жай жабдуулары, автоматтык телефон станциялары, кир жуугуч каражаттар ипорттолот. Казакстандын жалпы импортунун ичинен Түркиянын үлүшү 2,49 % түзѳ алат. 2017-жылы түрк импорту 729 млн. долларды түзгѳн. Буга Кытай менен Россиянын бул ѳлкѳдѳгү рынокту ээлеп алышы жана эл керектѳѳчү товарлардын арзандыгы себеп болгон.

Түркиядагы казак ишканалары

Казак капиталына негизделип Түркияда иштеп жаткан ишканалардын саны 2015-жылдагы кѳрсѳткүч боюнча – 482ни түзгѳн. Казак тарап түрктѳрдѳн бир гана инвестиция тартып эле тынып калбастан, ѳздѳрү да инвестор болууга кызыкдар.

Казакстандагы түрк ишканалары

Түркия биргелешкен компаниялардын жана чет ѳлкѳлүк капиталга негизделген ишканалардын саны боюнча Россиядан кийинки экинчи орунду ээлейт. Учурда түрк капиталына негизделген 1939 ишкана, анын ичинен – 31 ири, 53 орто, 1 855 кичи ишкана ийгилктүү иштеп жатат. Бул ишканалардын басымдуу бѳлүгү  тамак-аш, логистика, соода, мейманкана тармактары боюнча иш жүргүзѳт.

Банк сектору

Түрк «Эксимбанкы» Алматыдагы тиричилик электр буюмдары, Талдыкоргондогу сантехника буюмдары, Семипалатинскийдеги чубалгы буюмдары заводдоруна кредит берген.

Түркиялык «Зираст» жана «Эмлак» ири банктары Казакстандагы ѳнѳктѳштѳрү менен биргелешкен банктарды ачып (1999-2006-жылдары), мамлекеттин кепилдиги менен ѳкмѳттүк жана жеке долбоорлорду каржылоо аркылуу ѳлкѳнүн финансы рыногуна чоӊ салым кошуп келет.

Айыл-чарба

Түркистан облусунун акимияты менен «DAL Holding» компаниясы баасы 200 млн. доллар турган күнѳскана комплексин куруу боюнча долбоорго кол коюшту. Долбоордо 700 жумушчу иш менен камсыз болору каралган. Күнѳсканада жаӊы технологиялык жетишкендиктер пайдаланылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости