www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 13-январь күнү ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин тобу жаңы жылдык майрамдары менен куттуктоо максатында Балдар үйүнө барып келишти. Бул тууралуу ИИМдин КББ басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлигинин колдоосу менен мектеп-интернаттын тарбиялануучуларына майрам уюштурулду.
Ал эми, майрамда 150 миң сомду түзгөн азык-түлүк, кир жуучу каражаттар, сыналгы, кеңсе товарлар түрүндөгү бардык топтолгон каражаттар, ошондой эле жаңы жылдык белектер интернаттын директору Мээрим Мадияровага тапшырылды.
Красная Речкадагы мектеп-интернатынын жумушчуларына, мугалимдерине жана тарбиялануучуларына кайрылып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы, милициянын полковниги Жыргал Абжалилов ички иштер министрлигинин жанга ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан жаңы жылы менен куттуктап, бекем ден соолук, бейкуттукту жана окууларында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, балдарды куттуктоо үчүн Ысык-Ата РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Улан Бектемишов дагы келген.
Учурда Красная Речкадагы мектеп-интернатта республика боюнча 7 жаштан 16 жашка чейинки 133 майып балдар тарбияланат. Ички иштер министрлиги ар убак көңүл бурууну жана камкордукту талап кылган балдардын окуусуна, тамактануусуна жана тарбиясына өзгөчө көңүл бурат.
Булак: NazarNews.kg