www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралияда жаныбарлар үчүн тик учактан сабиз, картошка ыргытылып жатат. Бул тууралуу,  аталган  өлкөнүн энергетика жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Мэтт Кин операция Түштүк Уэльс аймагында жүрүп жатканын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Мындай чара өрттүн кесепетинен азыгы, тоюту жок калган райондордо жашаган кенгуру түркүмүнө кирген валлабилер үчүн уюштурулганы айтылды.

Эске салсак,  Австралиянын токойлорунда 2019-жылдын октябрь айынан бери  өрт чыгып, азыркы кунгө чейин тилсиз жоо токтой  элек. 5 миллиондон ашуун гектар аймакты жалмаган өрттүн кесепетинен 24 адамдын өмүрү кыйылып, 500 миллиондон ашуун жандык, анын арасында 8 миңдей коала күйүп кеткен.

Ушул тапта өрттүн жалыны Австралиянын 7 штатында токтобой жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости