www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ-миграциялык мунапыс

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын аймагында  мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына “Миграциялык мунапыс” жөнүндө  мекендештерге эскертет

“Миграциялык мунапыс” маалында Россиянын аймагында Россия Федерациясынын  миграциялык мыйзамдарын бузган мекендештер, 2019-жылдын 22-апрель күнүнө  чейин өз мекенине тоскоолдуксуз келип, андан соң каалаган убагында кайрадан административдик жоопкерчиликке тартылбастан кайтууга болот. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү келүү  убактысын бузган Кыргызстандын жарандарын “миграциялык мунапысты”  колдонууга чакырат.

Толук маалымат алуу үчүн элчиликтин +74957807413,  +74957807412 +74957807410 номурларына кайрылуу керек.

Кыргызстандыктар өздөрүнүн Россияга келүүлөрүн мыйзамдаштыруу үчүн  Кыргыз Республикасынын паспортун (ID-card же чет өлкөгө чыгуучу  паспортун) алып, Россиянын ИИМдин Миграция маселелер боюнча башкы  башкармалыгынын райондук бөлүмүнө жогоруда көрсөтүлгөн күнгө чейин  кайрылса болот. Бул жерден миграциялык каттоого турууга жана жаңы  миграциялык карталарды алууга болот.

Ошол эле убакта поспорту жок  Кыргызстандыктар Кыргызстанга кайтуу үчүн ата мекендик элчиликтен күбөлүк жасатып, 22-апрелге чейин Россиянын аймагынан чыгып кетүү керек  жана каалаган убагында Кыргыз Республикасында өздүгүн тактаган күбөлүктү  алган соң кайтууга шарт түзөт. Мунапысты Россиянын аймагынан соттун чечими менен чыгарылгандар колдоно  алышпайт.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы  Өкүлчүлүгү мекендештер менен жолугушууларды өткөрүп, “миграциялык  мунапысты” колдонуунун эрежелери жөнүндө түшүндүрүүшүдө. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясынын Өкүлчүлүгү  мекендештерди Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузбоого жана жүрүм-турум эрежелерин сактоого эскертет.

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости