www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Москвага чогуу учуп, ал жака жеткенче сүйлөшүп барып, аны тастыктаган сүрөт да жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган. Бул кездешүүдө АША Нариман Ташболотовичке жалдырап, кечирим сураганы да маалым болгон. Ал эми жакында Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келер астында АШАнын маалыматчылары “Атамбаев менен Путиндин жолугушуусу боюнча маалымат сыр” деп жашырып, аны Путин менен жолуга тургандай түр көрсөтүп кылыктанган эле. Бул тууралуу социалдык тармактагы Трибуна тайпасы жарыялады.

Ошондо эле Түлеев Путин АШАны эч качан кабыл албай турганын, Атамбаев ал тууралуу эркекчиликке жатпаган сөздөрдү айтканын билдирип чыккан. Нариман мырзанына мындай пикири Путиндин мамлекеттик сапары учурунда тастыкталып, орус президенти АШАны жанына жолотпой койгон. Атамбаев болсо адатына салып Түлеевдин Путин боюнча пикирине ыплас сөздөр менен жооп берди.

Түлеев болсо бул боюнча пикирин билдирип, Атамбаевди тез арада дарылоо керектигин демилгелеп чыкты. “Алмазбек Атамбаев мага үчүнчү тараптар аркылуу кайрылганын уктум, адаттагыдай эле сөздөрдү айтыптыр, ал анын өзүнүн укугу. Мен ага теңелбеймин, тарбия көргөн адаммын жана эмоцияга алдырбаймын. Ошол эле учурда Атамбаев өзүн жылан катары мүнөздөптүр. Ооба, туура мүнөздөмө, ал сүйрөлүп келип кечирим сураган кичинекей жылан. Путин боюнча анын бир да сөзүн бурмалаганым жок. Атамбаев менен жолукканда эле тез арада дарылануусу керек экенин сезгем.

Ал кайрадан сууну булгап, элдин башын айландыруу үчүн эч нерседен уялбай, түнү менен ичип, эртеси башы ооруган “чала мас” абалда интригаларды ойлоп таап жатат. Бирок анысынан майнап чыкбайт, Ага элдин каргашасы тийип, мындан да начар абалга кептелет. Ошентсе да аны коомубуздан бөлүп, тез арада дарылабаса болбойт. Керек болсо буту-колун байлап дарылаш керек”, - дейт Түлеев. 

Мындан сырткары Нариман мырза АША дагы асыла турган болсо аябай турганын, жаактан ары чаап, жазасын колуна бере турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости