www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 27-февраль күнү бир катар маалыматтык агенттиктерде жана социалдык тармактарда Кыргызстанда “48 саатка жоголуу” аталыштагы өспүрүмдөр үчүн зыяндуу оюндун жайылып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр тараган. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясы расмий түрдө төмөнкүлөрдү билдирет:

Жогоруда аталган оюн Россия Федерациясынын аймагында жана башка өлкөлөрдө бир жыл мурда тараган. Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын аймагында өспүрүмдөр үчүн зыяндуу оюндун жайылышы боюнча бир дагы факты катталган жок.  Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча фактылар “48 саатка жоголуу” оюну менен эч кандай байланышы жок.

Аталган маалыматтын тарашына Бишкек ШИИББдин Коомдук коопсуздук кызматынын,  Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгына мектептердин жетекчилиги менен ата-энелерге алдын алуу жана эскертүүчү мүнөзүндөгү жөнөткөн каты себеп болгон. Бирок, аталган кат өзүнө жогорудагыдай фактылардын болушуна бөгөт коюу максатындагы алдын алуучу мүнөздү гана камтыйт.

2019-жылдын 2 ай ичинде ички иштер органдары тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 факты катталган. Алардын ичинен азыркы учурда 91 табылып, 8 жашы жете элек өспүрүмдү издөө уланууда.99 жоголгондордун ичинен 53 бала, 43 өспүрүм кыз.  Алардын жоголушунун себептерин аныктоодо 91 жоголгондордун ичинен 76сы ата-энелери менен уруушунун кесепетинен үйүнөн чыгып кетишсе, 15 адашып кетишкендиги такталган. Дайынсыз жоголгон жана табылган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн көбү алты жаштан он төрт жашка чейинкилер-45, он беш жаштан он сегиз жашка чейинкилер 40, беш жашка чейинкилер болсо-6 .

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча бир дагы фактынын “48 саатка жоголуу” оюну менен эч кандай байланышы жок. Бирок, ата-энелер жашы жете-элек өспүрүмдөрдүн Интернет-мейкиндиктеги коопсуздугу жөнүндө эстен чыгарбоолору керек деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости