www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Шамбесай” участкасындагы жагдайда милиция кызматкерлери мыйзам чегинде иш жүргүздү.

2018-жылдын 23-октябрында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Шамбесай” участкасынан  “Z-EXPLORER” алтын кен компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча жергиликтүү 60га жакын тургундары менен Кара-Жыгач айылындагы маданият үйүндө жолугушуу болуп өттү. 

Жолугушууга КРнын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык эксперт кызматкерлери, Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Абдырахманов, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы  Ж.Исаков, Саламаттыкты сактоо министирлигине караштуу Кадамжай райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл борборунун башкы дарыгери И.Карабаев, Кадамжай райондук улуттук коопсуздук кызматынын жана райондук милициянын башчылары.

Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Абдырахманов өз сөзүндө жолугушуунун негизги максаты Майдан айылындагы “Шамбесай” алтын кенге жакын жашаган элдердин ден-соолугун, мал-жандыктарынын абалын текшерүү, айлана чөйрөнүн абалына экологиялык мониторинг жүргүзүү жана жергиликтүү элдердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында келишкендигин айтышкан.

Бирок, Майдан айыл аймагынын жергиликтүү эли алтын кендин ачылуусуна каршы экендиктерин билдиришти, эколог эксперттер “Шамбысай” алтын кени ачылуучу жайдан анализге топурак алып жыйынтыгын айтабыз деген сөздөрүнө келген айыл тургундар макул болушпай анализге топурак алдырбайбыз деген талаптарын коюшкан.

“Шамбысай” участкасына  келген эколог эксперт кызматкерлери анализге топурак, суу алганы барышканда ал жерге 100дөй тургундар чогулушуп “Анализге топурак алдырбайбыз” деп каршылык  көрсөтүшкөн. Бирок коомдук тартипти сактоо турган милиция кызматкерлерини милиция кызматкерлеринин жардамы менен, эколог эксперт кызматкерлери анализге топурактан, суудан жана ошол жердин абасын да тийиштүү апараттар менен текшерип алып кетишкен.

Жогорудагы окуя боюнча, 2018-жылдын 23-октябрында Майдан айылынын тургундары тарабынан, эколог эксперт кызматкерлерине тоскоолдук жаратышкандыгы боюнча Кадамжай РИИБнө маалымат каттоо китебине катталып, азыркы учурда кошумча жагдайлар иликтенүүдө жыйналган материал боюнча чечим кабыл алынууда.  Милиция кызматкерлери мыйзам чегинде иш жүргүздү, ар кандай тартип бузууларга жол берген жок. ИИМ  бардыгы мыйзам чегинде болушу керектигин эскертет жана тартип бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт тургандыгын белгилейбиз деп билдирет ИИМдин Басма Сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости