www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын эң таасирдүү “OpenDemocracy” басылмасы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коррупциялык аракеттери, мыйзамсыз байыганы тууралуу макаласын жарыялады. “Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин тушунда саясий элитанын коррупциясы” аталышында жарык көргөн макалада АША боюнча маалыматтарга кенен орун берилген. Анда экс-президенттин тушундагы кадрдык башаламандыктар, ал дайындаган жетекчилердин ири паракорчулуктары кеңери ачыктаган. “Өткөн жылы ноябрда бийликтен кеткен Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы эң бай адамдардын башында турат, бирок ушул кезге чейин тапкан кирешелеринин булактары белгисиз бойдон. Ал кызматтан кеткенден кийин кылмыш иштерине тиешеси бар экени аныкталып, ири инфраструктуралык долбоордон каражат уурдалганы белгилүү болгон. Кыргызстандагы социалдык тармактарда Атамбаев жана анын жакын санаалаштары коррупциялык иштерге, мыйзамсыз аракеттерге айыпталууда. 62 жаштагы Атамбаев бир канча ирет өзүн бай адам катары сыпаттаган”, - деп маалымдайт аталган басылма.

Андан ары “OpenDemocracy” басылмасы АШАнын 2016-жылы чет өлкөлүк элчилерге ишеним грамота тапшырып жатып айткан сөзүн мисалга келтирген. “Анда Атамбаев саясий карьерасы башталганда миллиардер болгонун айткан. 2017-жылы февралда Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда да ушул сөздү кайталаган”, - дейт аталган басылма.

Экс-президенттин мыйзам негизинде толтурган декларациясына, кирешесине үңүлгөн басылма анын 2010-жылы 5 944 доллар пайда тапканын, 2015-жылы 111 205 доллар, аялы Раиса Атамбаева 580 миң 680 доллар кирешеге муюганын айтып таң калган.  

“Атамбаев көпчүлүк мүлктөрүнө президент болгондон кийин ээ болгон. Анын Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан Кой-Таштагы 3 кабаттуу хансарайы 2016-жылы курулган. Атамбаев президент болгонго чейин шаардын ичинде эле жөнөкөй үйдө жашаган. Учурда Атамбаевдин жакын санаалаштары түрмөдө отурат. Өзү болсо Кыргызстанды таштап чыгып кетти”, - деп жазат аталган басылма.

АШАнын Европага да  “аты чыгып” жатканы биринчи кезекте Кыргызстандын эл аралык имиджине терс таасирин тийгизет. Ошол эле кезде чындыкты гана жазган бул ММК экс-президенттин коррупционер экенин ачыктады. Эми дүйнө жүзүнө шерменде болгон АШАны жоопко тартып, жегендерин кусушу гана калды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости