www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Элнура Кулуева, көзү өтүп кеткен журналистерди эскере тургандыгын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. 

--"Жыл бою өлкөнүн, жарандардын жүрөгүн жылыткан кубанычын, кайгысын, убайымын, түйшүгүн, кейишин, жан дүйнөсүн, ийгилигин, кемчилигин, азабын, көйгөйүн, чындыгын тажабай жазып, коомчулукка жеткирген мээнет- журналисттердики. Күн сайын электр жарыгындай коомчулукка маалымат таркаткан журналисттик турмуш оор жана жооптуу. Чынында эле журналисттер болбосо коом кантмек? Быкшып, түтөп, жалбырттап күйө албай жаткан оттой эле болмок да.
Кыргыз Республикасы быйыл көз карандысыздыгынын 27 жылдыгын белгиледи. Өлкөнүн 27 жылдык жолунда ийгиликтер да, кемчиликтер да жана адашуулар да көп болду. Кыргызстан биздин мекенибиз, ошон үчүн баарыбыз мекенибиздин жакшылыгына сүйүнүп, жамандыгына күйүнүп келдик. 
Бирок ушу басып өткөн жолубузда демократиялуу, эркин басма сөз каражаттары, сөз эркиндиги болбосо, өлкөбүз азыркыдай абалга жетише алат беле же жетише албайт беле, бул өзүнчө суроо. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын эркин, демократиялуу басма сөз каражаттары дагы бүгүн өзүнүн көз карандысыздыгын белгилөөгө укугу бар.
7-ноябрь Кыргызстанда басма сөз күнү. 2018-жылы журналистикага оор жоготуулар болду. Мына ушуну эске алып 27 жыл аралыгында каза болгон журналисттерди эскерүү форматында “Биз силерди эскеребиз” деген аталыштагы фото галере́я уюштуруу демигеси көтөрүлдү. Алардын жакындары менен бирге баардыгына багышталып куран окутулат. Фото галереядагы сүрөттөр Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин журналистика факультетине өткөрүлүп берилет. Бул демилге боюнча атайын журналисттик топ бир айдан бери өз ишин жүргүзүп келе жатат. Урматтуу кесиптештер, төмөндөгү тизмени бир сыйра карап берсеңиздер жана ар бир каза болгон кесиптешибиздин жаркын элесине кайдыгер болбой ызаат кылып коюңуздар. Бул иш чарага атайын чакыруулар таркатылат.

Көзү өтүп кеткен журналисттердин тизмеси.

1. Мелис Эшимканов
2. Алым Токтомушев
3. Жолдошбек Зарлыкбеков 
4. Марип Тайчабаров 
5. Келдибек Назиров 
6. Айзада Абазова 
7. Калил Жамгырчиев
8. Данил Кыштобаев
9. Мамат Раимжанов
10. Алишер Саипов
11. Азамат Алтай
12. Геннадий Павлюк
13. Орозалы Карасартов 
14. Султан Жумагулов 
15. Улан Эгизбаев
16. Салтанат Саматова
17. Исмаил Мамытов
18. Алмаз Ташиев
19. С.Өмүрбеков 
20. Э. Сүйүнтбекова 
21. Болот Макетаев
22. Бекмырза Рахман уулу
23. Базарбай Букамбетов 
24. Кенжалы Сарымсаков 
25. Вилор Акчурин
26. Гүлайым Кутманалиева
27. Адылбек Бийназаров
28. Мамтемин Рыскулов 
29. Талантбек Моңолбаев
30. Эсенбай Калдаров
31. Мелис Турусбеков
32. Александр Малёванный, -деди Эльнура Кулуева. 

Журналист Элнура Кулуеванын жана демилгечи топтун ишине ыраазы болгон, блогер жана журналист Нургазы Мусаев, "Бүгүн эле өлүп калгым келди...", деген пикирин социалдык тармактагы баракчасына калтырды. 

"Элнура Кулуева баш болгон журналисттер, жарандык активисттер көзү өтүп кеткен журналист ага-эже, дос, инилерибизге сый-урмат көрсөтүп жатышкандыгын көрүп, бүгүн эле өлүп калгым келди", - деп жазат Нургазы Мусаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости