www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы тапта өлкөбүздүн аймактарында «Атамбаевсиз КСДП» деген ураандын алдында КСДП партиясынын конференциялары өтүп келатканы белгилүү. Ошондой конференциялардын биринде, тактап айтсак, 20-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы партиялык конференцияда экс-ажо А. Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дамир Мусакеев ажаандардан турган ОБОНчуларды ээрчитип барып, конференцияны үзгүлтүккө учуратууга аракет жасаганы белгилүү болду. Муну Чүй облусунун экс-губернатору Сагынбек Абдрахманов маалымат булактарынын бирине билдирди.

«Биздин партиялык конференцияга депутат Данияр Аттокуров жана Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдер келишти. Мен алардын өзүн көргөн жокмун, бирок алар жакын жерде эле турушканын айтышты. Анан эмнегедир алардын келиши менен конференцияга ОБОНдун өкүлдөрү кирип келип, биздин иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашты. Бирок, алардын аракети текке кетти. Себеби бизди КСДПнын көпчүлүк бөлүгү колдошот», - дейт Сагын Абдрахманов.

Демек, экс-ажо А. Атамбаев КСДП партиясынын ага нааразы мүчөлөрүнүн пикирин угуудан баш тартып, минтип ОБОНчулардын кызматына муктаж болуп калган тура. Анан дагы бир убакта УКМКнын төрагасы орун басары болуп иштеген Дамир Мусакеевдин болгон деңгээли ушул турбайбы дегенден башка айла жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости