www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн ИИМде массалык маалымат каражаттары үчүн атайын жыйын өттү. Жыйында 2018-жылдын 9-ай ичиндеги ички иштер органдары тарабынан аткарылган иш чаралар жыйынтыгы туурасында, журналисттерге министр Кашкар Жунушалиев, маалымат берди. Кашкар Жунушалиевдин айтуусунда укук коргоо органдары тарабынан элдин ишенимин кайрып алууга аракеттер болуп жатат. Аталган министирлик акыркы убакта алгылыктуу иштери менен бөлүштү.
Өлкөбүздө, статистика боюнча бир жыл аралыгында 22 миң 948 кылмыш иши катталган. Анын чинен ички иштер органдары тарабынан тогуз айда 20миң 401 кылмыш катталып, кылмыштын жалпы 88%пайызын түздү.Ал эми иликтөөнүн жүрүшүндө 15миң 294 кылмыштын бети ачылган.
Азыркы учурда элдердин басымдуу бөлүгү, көйгөйлөрүн өздөрү Президентке түз кайрылуу жасап, адилетүүлүктү социалдык тармактардан издеп жүргөн учурлары көп кездешчү болду .Анткени алардын арыз-муңдарын тиешелуу тармактар кароодон баш тартып, жагдайды көшөгө артында чечип коюуну туура көрүшөт. Жакында эле биздин редакциябызга дал ушундай көйгөйү менен Асылкан Султанбекова кайрылып, жазган арызын жогорку жакка жеткирүүбүздү суранган.
Жогоруда айтылган жабырлануучулардын жазган арыздардына кылдаттык менен таанышып чыгаарын, жана өз көзөмөлүнө алаарын Бишкек шаарынын ИИБнин башчысы Сталбек Рахманов билдирген. Толугураак кийинки сюжетте.
Булак: NazarNews.kg