www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чагымчыл, эки элдин ортосун козуткан маалыматтарды WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу тараткан жарандар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. 

Буга чейин Фейсбук баракчасында кытайдын жарандары милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүн сабап жатышкандыгы тартылган видео тасма тарап кеткен. Бул окуя 2014-жылы катталгандыгын ИИМ билдирди. Анда  КРнын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык), 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) жана 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголуп,  тиешелүү бардык тергөө амалдарын жүргүзүү менен материал сотко жөнөтүлгөн. 

Ички иштер министрлиги жана анын бөлүмдөрү жогорудагыдай чагымчыл материалдарды тараткандардын өздүгүн тактоо  боюнча иштерди жүргүзүп жатат. 

Жарандарды WhatsApp жана башка социалдык тармактарда, интернетте чагымчыл маалыматтарды таратуудан алыс болууларын жана ушундай фактылар  боюнча  ички иштер органдарына 102 номуру аркылуу  кайрылууларына чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости