www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча күбө Наим Дехкановго сабалып, алган жаракаттарынан улам операция талап кылынууда. Бул тууралуу шектүү Мелис Калыковдун эжеси Дамира Калыкова билдирди. Анын айтымында, Наим Дехкановду 18-ноябрда Баткен облусунун прокуратура жана милиция кызматкерлери тарабынан сабалган.

“Жырткычтык мамиленин айынан тизесинен жаракат алып тезинен операция талап кылынууда. Наим Дехканов башына жана бүт денесине катуу жаракат алган. Күч органдарынын кызматкерлери аны агама каршы көрсөтмө берүүсүн талап кылышкан. Бирок ал макул болбой койгондо кыйнап сабашкан. Агамдын жана күбөнүн өмүрүнө чынында коркунуч жаралууда. Күбө азыркы учурда ооруканада. Дарыгерлер Баткен милициясынан коркушат”- деп билдирди Дамира Калыкова.

Эскерте кетсек, 18-ноябрда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул боюнча шектелип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери Мелис Калыков кармалган. Шектүү күч органдары тарабынан кыйноолор болгондугун билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости