www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеӊеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин демилгеси менен «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө арналган парламенттик угуу өтүп жатат. Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда деп билдирет жогорку кеңештин маалымат кызматы.
Депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин 50%дык иши мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдөө болушу керектигинен улам, аталган мыйзамдын аткарылышы парламенттик угуу аркылуу талкууга коюлуп жаткандыгына токтолду. Анын айтымында, мурда айыл өкмөттөрүн текшерүүчүлөрдү аныктоочу документ болгон эмес. Андан улам мыйзамга түзөтүүлөр киргизилип, текшерүүгө укуктуу органдардын тизмеси, текшерүү жүргүзүүнүн формасы иштелип чыгып бекитилген. Мыйзамдын ушундай талаптары аткарылып жатабы же жокпу бүгүнкү талкууда көрүнөт. Мыйзамдын дагы бир талабына ылайык, айыл өкмөттөрүндөгү документтердин түп нускасы текшерүүгө берилбеши керектигин айткан Кенжебек Бокоев түп нуска документтер кылмыш иштери боюнча гана алынышы мүмкүндүгүн баса белгилдеди. Айыл өкмөт башчылары текшерүүчүлөрдөн ырастамасын, текшерүү жүргүзүүгө тиешелүү чечимди, текшерүүгө негиз болуучу арыз же башка документти талап кыла алышы керектигин кошумчалады.
Ошону менен катар депутат айыл өкмөт жетекчилери мыйзам талабына ылайык, текшерүү жыйынтыкталгандан кийин текшерүү максатында келген тийиштүү документтен жана анын жыйынтыгынан бир нуска алып калуусу керектигин белгиледи. Ошондой эле эл өкүлүнүн айтымында, текшерүүнү эсепке алуу китебине текшерүүчү аты-жөнүн жазып, колун коюп, тиешелүү форманы толтуруп кетиши керек. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы деп бөлгөнүбүз менен аткаруу бийлигинин басымы астында калып жатат. Ошондуктан, арай көз чарай отуруп, мыйзам аткарылып жатабы деген маселени талкуулап алалы”,- дейт.
Учурда парламенттик угуу уланууда.
Булак: NazarNews.kg