www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги аппараттык-программалык комплекстерди жана видео көзөмөл камераларды бузуу же талкалоо фактыларына байланыштуу жарандарга кайрылат!

Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашкан убактысынан баштап, аппараттык-программалык комплекстерди жана видео көзөмөл камераларын бузуу же талкалоо фактылары катталууда. Жалпысынан алганда Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча КЖБРге жогорудагыдай фактылардан 14 учур катталып, миллиондогон чыгымдарга дуушар кылган. Бул фактылар боюнча ички иштер органдары иликтөөлөрдү жүргүзүшүүдө.

Андан сырткары, кол салуунун обьектиси катары аппараттык-программалык комплекстерден тышкары операторлор дагы дуушар болушууда. Бийик жерлерде бекитилген видеокамераларды дагы талкалоо учурлары дагы кездешүүдө. Кылмышкерлер ар кандай жолдор менен талкалап, ок атуучу курал менен видеокамераны атып, айрымдары видеокамераларды уурдаган учурлар дагы болгон. Бейбаштык жана башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү жүрүп, милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издөөгө алган. Аталган аппараттык-программалык комплекстердин баасы кымбат болгондуктан, жарандарга кайрылууну чечтик:

"Урматтуу жарандар, башка бирөөнүн мүлкүн жок кылган же жарактан чыгаргандар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертебиз. Андан сырткары, күнөлүүлөр кетирген чыгымдары үчүн, аны төлөп берүүгө милдеттендирилет. Практика көрсөткөндөй, видеофиксация комплекстерин жайгаштыруу жол-транспорттук кырсыктарды алдын алуу чөйрөсүндө оң жыйынтыктарга алып келет, ал эми бул жолдордо жол кырсыгынын жана жол кырсыгынан каза болгондордун санын азайта тургандыгын билдирет. Булар жогорудагы видеофиксация комплекстерин орнотуунун натыйжалулугун көрсөткөн эң манилүү көрсөткүч".

Адамдын өмүрүнөн башка кымбат нерсе барбы? Ойлонуп көрүү керек?, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости