www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 18-мартынан 28-март аралыгында эле, мектеп окуучулары инфекциялык ооруну жуктурбоо жана жайылтуу коркунучу болгондугуна байланыштуу өлкөдөгү мектептерде карантин жарыяланып кезексиз каникулга чыгышкан учурда жаш өспүрүмдөр өзүнө кол салгандыгы жөнүндө 7 факт катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бардык фактылар кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, азыркы учурда жашы жете эле жаш өспүрүмдөрдүн  өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Карантин учурунда ата-энелерге балдарынын эмне менен алек болгондугун көзөмөлдөө жөнүндө бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, ата-энелер тарабынан жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай калган.

Анын натыйжасында, 12 жаштан 16 жашка чейинки 7 жаш өспүрүм өмүрүнө кол салып өзүн өзү өлтүргөн, алардын ичинен  Тоң району - 2, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Ысык-Көл райондору боюнча бирден, Ысык-Ата району боюнча – 2. Талдоонун жыйынтыгында, жаш өспүрүмдөрдүн төртөө толук эмес үй-бүлөдөн, апасы же атасы жок, ал эми калгандары туугандарынын үйүндө жашаган, алардын бирөөсүнүн ата энеси чет мамлекетте иштеп жаткандыгы аныкталган. Жаш өспүрүмдөр үйүндө ата-энелери жана туугандары жок болгон учурда, күндүзгү маалда өзүнө озү кол салууга барышкан.  

Бүгүнкү күндө, биздин өлкө башка мамлекеттер менен катар, коронавирус инфекциялык илдети менен күрөшүүдө, ар бир милиция кызматкери карантиндик-санитардык посттордо кызмат өтөшүүдө,  ооруга чалдыккандар менен катташкан кишилерди аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө, жарандардын коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулук менен күрөшүүдө. Милиция кызматкерлери күнү-түнү, кээ-бир учурларда 24 саат бою кызмат өтөшүп бош убактысы жок, аткени биздин мамлекетибиздин бул өзгөчө абал учурунда коронавирус илдетин массалык жайылышын токтотууга ыкчам аракеттер зарыл.

Белгилеп кетсек, өзүн өзү өлтүрүүнүн жалпы себеби социалдык-психологиялык дезатаптация болуп эсептелет, бул болсо психиканы жабыркатуучу курч кырдаалдын таасиринен келип чыгуучу, жакынкы айлана-тегерегиндегилери менен карым-катнаштардын бузулушу. Бирок бул, көп учурларда жаш өспүрүмдөр жакын адамдары же ата-энелери менен мамилелери бузулушу болуп саналат.

ИИМ эскертет, жаш өспүрүмдөрдүн депрессияга чалдыгуусун алдын алуу боюнча маанилүү ролду – ата-энелер аткарышат. Жаш өспүрүмдө маанайынын төмөндөшү же башка депрессиялык абалдын белгилери байкалган учурда, токтоосуздан баланын бул абалдан чыгуусуна жардам берүү чаралары көрүңүздөр. 

Суицид – өзүн өзү атайлап өлтүрүү, өзүнүн көйгөйлөрү чечилбей, ошол бойдон калса, ошол эле учурда жаш өспүрүм өзүнүн ойлору менен эч ким менен бөлүшпөй жүрсө, ошондой абал жаралат. Суицидди биздин жалпы күчүбуз менен жеңүүгө болот.

Ата-энелерге өзүн өзү атайлап өлтүрүүгүн алдын алуу боюнча эскертме:

Көбүнчө адамдар айлана-тегеректегилерин тигил же бул түрдө эскертишет. Ал эми, жаш өспүрүмдөр өзүнүн ойлорун жашырууну билишпейт. “Эч ким ушундай болоорун ойлогон эмес” – деген сөздөр, өспүрүмдүн жан дүйнөсүнүн чыңалышын жакындары кабыл алышкан эмес же түшүнүшкөн эместигин гана белгилейт.
Аталгандардан тышкары, жаш өспүрүмдөрдүн суицидке барышынын дагы бир нече себептери бар,  анын ичинен 1-2 себебине өзгөчө көңүл буруу зарыл:

•    жалгыз болууну самоо, жакын адамдарынна алыстоо;

•    маанайынын бат-бат алмашуусу, сөздөргө бөтөнчө мамилеси, жай жана үзүл кесил сөздөр;

•    буюмдар жана акчалары менен кош көңүл менен коротуу, аларды таркатуу;

•    иштерин тартипке келтирүүнү самоо, жыйынтыктарын чыгаруу, бардыгы үчүн кечирим суроо;

•    өзүн өзү күнөөлө, же тескеринче – башкаларга көз каранды болушун таануу;

Бул жагдайлардан чыгуу жолдорун табууну аракет кылса болот. Ар дайым, “Эмне себептен” жана “Эмне максатта” жаш өспүрүмдүн жасаган аракеттерин тактап алуу зарыл. Психолог адистерге кайрылуудан тартынбаңыздар.

1.    Жаш өспүрүмдү кунт коюп угууңуз. Жан дүйнөбүздүн оор убактысында ар бирибизге, бизди угуп койгон кимдир бирөө керек. Сөздөрдүн аркасында жашынган көйгөйлөрдү түшүнүүгө аракет жасаңыздар.

2. Жаш өспүрүмдүн көз карашынын жана сезимдеринин чындыгын баалаңыз.

3. Сезимдердин көйгөйүнүн тереңдигин баалаңыз. Жаш өспүрүм оор түйшүктөрдү сезип жаткандыр, бирок жанын кыйууну ойлонбостур. Ошондой эле, көп учурда депрессия абалында жүргөн адам, күтпөгөн жерден арк андай ойлонбогон кадамдарга барышы мүмкүн. Мындай жүрүм-турум да, тынчсыздандыруунун белгиси болушу мүмкүн. 

Төмөнкү эрежелерди сактоо маанилүү: 

- сиз жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар экендигине ишениңиз; 
- чыдамдуу болуңуз; 
- “бар билгенинди жаса” айтуу менен, адамды таң калтырууга аракет кылбаңыз же аны коркутбаңыз; 
- “Сен өзүңдү ошондой сезесин, аткени .......” деген сөздөрдү айтуу менен анын кыймыл-аракетинин себептерин талдабаңыз;
-  өспүрүм менен талаш-тартышып жана анын ордуна койууга аракеттенбеңиз.  

Албетте, дайыма тиешелүү адистерге жардамга кайрылыңыздар!

Жогоруда аталган иш-чараларды, жаш өспүрүрүмдөргө жардам көрсөтүүгө милдеттүү болгон социалдык кызматтар, айыл-өкмөттөр, психологдор, окуучуларын билген мугалимдер жана ата энелер менен биргеликте менен биргеликте өспүрүмдө арасында озун өлтүрүүнүн алдын алууда толук кандуу иштерди колго алса болот.  

Урматтуу ата энелер, агалар жана эжелер келечек биздин балдарыбыздын колунда. Ар бир улуу адам жаш өспүрүмдүн алдында аны туура жолго салууга милдеттүү. Биз Сиздерден суранарыбыз балдарды тарбиялоодо этиет болуңуздар. Илгерки заман эмес, жаактан ары бир чап тарбиялай салган, азыр акыркы технологиялардын заманында балдарга болгон тарбиялоонун жаңы багыттарын пайдалануу керек, алардын жан дүйнөсун түшүнө билиңиздер, аларды барктап сыйлаңыздар, алардын жан дүйнөсүнө бүлү салбай, алардын келечектеги асыл ойлорунунун ишке ашышына шарт түзүп бериниздер, ар бир бала ата энесине өзүнүн көйгөйүн ачык айтып берүүсүнө жетишиңиздер. Ошол эле убакта “улууга урмат, кичүүгө ызаат” болушуна улуулар жооптуу экендигин ар бирибиз унутпайшыбыз зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости