www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-май күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2019-жылдын 1-чейрек ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү. Коллегияга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев,  министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын жана башкармалыктардын жетекчилери ошондой эле республика боюнча жол кыймылынын коопсуздугун сактоо бөлүктөрүнүн жетекчилери да катышты. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

  • Жыйындын негизги темасы катары,  “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын 2019-жылдын 1-чейрегиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары”, “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү  реестри, Бузуулардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалымат  тутумдары жана 2019-жылы күчүнө кирген жаңы Мыйзамдар, Кодекстер менен иш алып баруу ишмердиктери”, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун  камсыздоо ишмердүүлүгү тууралуу  жана башка ар түрдүү маселелер каралды.

Коллегияда министрдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков негизги маселелерди камтыган доклады менен чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө ИИМдин бардык кызматтарынын үч ай ичиндеги ишмердүүлүгү, кылмыш бетин ачуу жана тергөө, алдын алуу иштеринин ал абалы, жол коопсуздугун жана ички кызматтык тартип боюнча аналитикалык  баа берүү менен бирге кемчиликтерди да баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялаган Жарлыгын аткаруу максатында, “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ачылып, калган аймактарда жакынкы аралыкта ачууну пландап жатабыз.

Борбордун негизги милдети – элге ыңгайлуу шарт түзүү, маалыматтарды ыкчам түрдө камсыздоо жана кызматкерлер арасында коррупцияга жол бербөө болуп эсептелет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн кийинки жасалган кадам, баардык ички иштер органдары тарабынан издөөгө алынган жарандарды аныктоо, өлкөнүн аймагына кирүү-чыгуу укуктары чектелгендер боюнча “Издөө”, “Багыттама”, “Маалым кат” аталыштагы бирдиктүү электрондук каттоо ишке киргизилди. Ошол эле Жарлыктын алкагында “Коопсуз шаар” долбоору Бишкек шаарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, “Бишкек-Ош”, “Бишкек-Торугарт” автоунаа жолдорунда ишке киргизилип, калган аймактарда белгиленген баскычтар менен ишке ашыруу пландалууда,-деди Сүйүн Өмүрзаков. Ал ошондой эле  ички иштер органдарындагы кызматтык ишмердүүлүктүн деңгээлин көтөрүүдөгү жетишпегендиктер да бар экендигин кескин сынга алды.  Үч ай ичинде кызматтык ишмердүүлүктөрү боюнча Бишкек, Чүй, Талас, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустук-шаардык милициянын жетекчилери жана Борбордук аппараттын да кызмат башчылары, республика боюнча жол кыймылынын коопсуздугун сактоо бөлүктөрүнүн башчылары чыгып сүйлөшүп отчет беришти.

Коллегияда кылмыштуулуктун абалы боюнча ыкчам талдоолорго да кеңири орун берилди. 2019-жылдын 3  айында республика боюнча укук коргоо органдары тарабынан 22 миң 164 кылмыш катталган. Ал эми ички иштер органдары тарабынан 19 миң 252 кылмыш катталып, кылмыштын жалпысанынын 86,8 пайызын түздү. 2019-жылдын 3 айында республика боюнча жалпы укук коргоо органдары тарабынан 17 миң 98 жорук катталган. Алардын ичинде 16 миң 845 жолу ички иштер органдарында катталган. Бул катталган жоруктардын жалпысанынан 98,5% түзгөн. Ички иштер органдарынын өндүрүшүндө 20 миң 442 кылмыш иши тергелүүдө.

Жалпы ишмердүүлүгү боюнча айтсак, ички иштер министрлиги тарабынан, өлкөдөгү коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында Кыргыз Республикасынын Президентинин 9 Жарлыгынын, Өкмөттүн жалпы 490 токтомунун жана мамлекеттик деңгээлдеги 3 программанын негизинде ишмердүүлүк уюштурулуп, жүргүзүлдү. Жогорудагы аталгандардын алкагында, Ички иштер министрлиги төмөндөгүлөргө жетишти: Мамлекеттик маанидеги 19 иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартип камсыз кылынды. Кылмыштуулук менен күрөшүүнүн сапатын жакшыртуучу  72 ченемдик-укуктук актылар иштелип чыкты (5 мыйзам долбоору кабыл алынды, 6 долбоор Жогорку Кеңеште каралууда).

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында “Бирдиктүү терезе” аталыштагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору ачылган. 2019-жылдын 20-мартында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ачтык, ал эми калган облустарда ачууну пландап жатабыз. Борбордун негизги милдети – элге ыңгайлуу шарт түзүү, кызматкерлер арасында коррупцияга жол бербөө болуп эсептелет.

2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирип, иштеп жаткан жаңы Кодекстердин жана Мыйзамдардын талаптары  боюнча баардык ички иштер органдарында  «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри», «Бузуулардын бирдиктүү реестри» ишке киргизилди. Анча оор эмес кылмыштарды иликтөө боюнча 255 штаттык бирдиктен турган жаңы башкармалык түзүлүп, техникалык каражаттар менен камсыздалды (компютер-618, принтер-618, диск -733, каражаттары -386). Бул башкармалык, 2019-жылыдын 1-январынан баштап, Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалык  деген  аталышка өзгөртүлдү.  Жазык мыйзамдар жана Кодекстер менен иш алып барууга, даярдоо үчүн баардык кызматкерлер окутулуп, 9 миң 427 даана Мыйзамдар менен Кодекстер таратылып берилди.

Коллегиянын жүрүшүндө Кашкар Джунушалиев үч ай ичинде ички иштер органдарын ар тараптан өнүктүрүү боюнча милициядагы бардык көйгөйлөрдү ачык айтып, калыс чындыкты, ачуу чындыкты ортого салып, кемчиликтерге акыйкат баа берип, таразага салып акыйкат чечимдерди чогуу кабыл ала тургандыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле ички иштер органдарынын потенциалын чыӊдоо жана жарандардын конституциалык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, жарандардын, коомдун жана өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик маанилүү объектилерди коргоо Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыз кылуу системасын өркүндөтүүгө багытталган программалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча да кошумча тапшырмаларды берди

  • Коллегия жарандардын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшү коомдук коопсуздукту камсыздоо,  ИИОнун жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ишин жакшыртуу ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн кызматтык тартибин бекемдөө, жаңы кодекстер жана мыйзамдар менен иштөөнүн сапатын жогорку денгээлге жеткирүү, көчөлөрдө жана коомдук жайларда криминалдык абалды оңдоо, жол коопсуздугунун абалы жакшыртуу жана  андан сырткары, өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен ички иштер органдарынын  кадыр-баркына доо кетирген абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча негизги багыттарды белгиледи жана бул багыттарда үзгүлтүксүз иштерди жүргүзө тургандыгын баса белгиледи.

2019-жылдын үч айынын жыйынтыгы боюнча облустарда, башкы башкармалыктарда атайын ыкчам кеңешмелер өткөрүлгөн, анын жыйынтыгы менен ИИМдин коллегиясы ички иштер органдарынын үч ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүн кеңири талкууга алды жана жетекчилер тарабынан кетирилген кемчиликтерди оңдоо боюнча көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле бир катар жетекчилерге 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү жетекчилик ишмердүүлүгүнө кайрадан кайрылып, ар бирине баа бериле тургандыгы эскертилди.

Булак: NazarNews.kg

.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости