www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Bugupress агенттиги жапон жазуучусу Китами Масаонун “Кылычсыз самурай” (“The Swordless Samurai”) китебин кыргыз тилинде басып чыгарды.

“Кылычсыз самурай” китебинде XVI кылымдагы Жапониянын легендарлуу тарыхый  жол башчысы Тойотоми Хидэйошинин лидерлик сырлары айтылат. Китептин автору белгилегендей, андан бери канча кылым өтсө да ошол мезгил менен биз жашап жаткан доордогу параллелдерди эске алганда, ал сырлардын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу окурманды таң калтырат.

Белгилей кетсек, китепте жапон тарыхындагы Сеңгоку доору кенен сүрөттөлөт. Эң кызыгы, башкы каарман Тойотоми Хидэйошинин ошол кезде чачыраган урууларды бир туунун алдына бириктирүү максаты, кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган “Манас” эпосундагы «кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган» деген саптарды эске салат.

Андыктан Китами Масаонун “Кылычсыз самурай” китебинин кыргыз тилиндеги басылмасы кыргыз окурмандары үчүн жакын болору шексиз. Ал эми башкы каармандын эскирбес сырлары – ишкерлер, бизнесмендер, жетекчилик кызматты аркалагандар болобу жана катардагы кызматчы болобу, деги эле кайсы деңгээлде болбосун жалпы кызматкерлер үчүн ары кызыктуу, ары пайдалуу болот деген чоң ишенимдебиз.

Белгилей кетсек, Bugupress агенттиги буга чейин Лариса Буракованын “Грузия кантип реформа жасай алды” китебин которгон.

Китептин бет ачары 2019-жылдын 3-майында (жума күнү) саат 14:30да Бишкек шаарынын Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында (Ж.Абдрахманов көчөсү ) өтөт.  Байланыш телефону: 0557 77 26 26, 0702 75 84 40

Булак: NazarNews.kg

Последние новости