www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин студенттери коррупцияга каршы

2018-жылдын 7-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э. Алиев атындагы Академиясында жогорку окуу жайлар арасында “Билим берүү чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы аракеттенүүнүн заманбап механизмдери: студент  жаштарынын көз карашы” аталышындагы студенттик тегерек стол өттү.

Аталган иш-чара 9-декабрь-Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнү жана 
10-декабрь-Адам укуктарын коргоо эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Т. Исаков,  ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү Ч. Касмамбетова, Р. Адамалиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кеңешчиси Н. Жангабылов,  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Коррупцияны алдын алуу саясаты  секторунун башчысы М. Усупбеков жана Кыргызстандын  жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышышты.

Тегерек столдун модератору, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 
Коомдук-саясий дисциплиналарынын кафедрасынын башчысы Чолпон Кадырованын айтуусунда бүгүнкү иш-чарага Кыргыз Республикасынын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери чакырылган. Алардын ичинен 10 окуу жайдын студенттери Билим берүү тутумундагы коррупцияга бөгөт коюу темасында 
баяндамаларын даярдап келишкен.

Ушул жылы “Коррупцияга каршы чоогу туралы” плакаттардын республикалык 
сынагы жарыяланган. ИИМдин Академиясынын 2-курсунун курсанты Азим Бактыбеков  сынакты жеңип алып,  22-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын 
Башкы прокуратурасы тарабынан Ардак грамата алган. Андан сырткары, ушул эле курсант Улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган Чынгыз Айтматовдун 
чыгармачылыгы боюнча сынакка активдүү катышып, жеңүүчү аталды. Тегерек столдун башында  Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча сынакка активдүү катышкан Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын курсанттары менен студенттерине сыйлыктар тапшырылды. Аларды Чынгыз Айтматов атындагы Фондунун өзгөчө медалдары жана Ардак грамоталар менен сыйлашты. 

Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Дастан 
Бекешов менен Евгения Строкова тапшырды.

Андан соң, тегерек столдо жогорку окуу жайлардын студенттери билим берүү 
тутумундагы  коррупция көйгөйлөрү жана аларды алдын алуунун жолдору 
тууралуу көз караштырын камтыган баяндамаларын окушту.  Ар бир баяндама 
окулган соң баяндамачыларга суроолор берилип, кызуу талкуу жүрүп, студенттердин курч тапкычтык менен айткан жоопторуна күлүп дагы жатышты. Жыйынтыктап айтканда, тегерек стол ийгиликтүү өтүп, коррупция өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук жаратаары боюнча бирдиктүү тыянак чыгарышып, аны менен бүтүндөй эл күрөшүү керектигин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости