www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай кредитти өзгөчө студент кыздар көп алары маалымдалган.

Кытайда кредиторлор карыз берүүнүн ойго келбеген ыкмасын таап чыккандыгын South Metropolis Daily порталы жазып чыкты.

Эми алар насыяны жашыруун, интимдик сүрөттөрүн күрөөгө алып бере баштаган. Карыз акча алам дегендер паспорт менен жылаңач түшкөн сүрөтүн кошо жибериши керектиги айтылат. Эгерде ал карызын учурунда төлөй албаса, анда «банк» «каармандын» сүрөтүн ата-энесине берип же социалдык тармакка жарыялап жибериши мүмкүн.

Мындай кредитти өзгөчө студент кыздар көп алары маалымдалган. Карыздын үстөк пайызы жумасына 30 пайыз болсо, өлкөдөгү керектөө насыянын үстөк акчасы 24 пайыз экендигин жазышты. Берилген акчанын көлөмү 500дөн 5 миң юанга чейин жетет.Сүрөттөрдү алмашуу интернетте мессенджер аркылуу жүрөт. Бир катар маалыматтарга караганда, интим-насыяны 30 миңге жакын кытайлык жаштар алган, - деп жазат Спутник.

Кээ бир учурларда жаман ниеттеги «банктар» кыздар карызын кайтаргандан кийин деле сүрөттөрдү социалдык тармакка чыгарып салган. Жакында эле 10 Гбайт көлөмүндө жылаңач сүрөттөр чыгып кеткенде бийлик андай уюмдарды жабууга аракет кылган.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости