www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юбилярсыз юбилей

Кечээ, 6-декабрь күнү, “Достук” мейманканасынын амфитеатрында белгилүү саясатчы, «Мекенчилдер» партиясынын негиз салуучусу жана лидери Садыр Жапаровдун 50 жылдык юбилейине жана анын саясаттагы ишмердигин чагылдырган “Садыр жана чындык” деп аталган китебинин бетачарына байланышкан чоң жыйын болуп өттү. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандыгына байланыштуу юбиляр өзү катыша албаган бул иш-чарага Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдакы депутаттары, коомдук жана саясий ишмерлер, жарандык жанкүйөрлөр катышышты.

Жыйында чыгып сүйлөгөндөр абийир туткуну Садыр Жапаровдун ишмердигин, анын ак жерден жалаага кабылып, камакта мыйзамсыз жаткандыгын белгилешти жана аны токтоосуз актоо зарылдыгын талап кылышты.

— Эгер бүгүнкү бийлик адам укугун урматтаган адилет жолду тандап алган болсо, Садыр Жапаров акталып, токтоосуз түрмөдөн бошотулушу керек, — ​деди жыйындын катышуучусу, экс-депутат Жылдыз Жолдошева.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости