www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, “шоопур” каймана ысымы менен коомчулукка белгилүү болгон Икрамжан Илмияновго соттун өкүмү чыкты.

Соттун өкүмүнө ылайык, Икрамжан Илмияновдун үй-мүлкүн конфискациялоо менен өзү 7 жылга эркинен ажыратылды.

Сот бул өкүмүн Илмияновдун күнөөсү толук далилденгендиктен ушундай чечимге келгенин билдирди.

Аны менен катар Илмиянов Грамовичке 10 миң сом төлөп бермей болду. Ошондой эле анын жана анын туугандарынын Баткендеги, Бишкектеги мүлктөрү, бир нече автоунаалары, Сокулуктагы жер тилкелери камакка алынды.

Илмиянов акыркы сөзүндө күбөлөр аны дегеле тааныбашын, ал гана эмес жабырлануучубуз дегендер да кийин интернеттен көрүп таанышкандарын айтып, “Баары жалган айыптоолор! Болбосо 30 күбөнүн ичинен болгону Чыныбек Анарбек уулун гана тааныйм. Аны да тергөөдө менин жардамчым кылып коюшуптур. Мен ал убакта мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин да. Болгону биз шайлоо алдында КСДПнын штабында бирге иштегенбиз. Анан билбейм, ал кандайча мындай көрсөтмө берип койгонун түшүнбйм”, - деген.

Аны менен катар ал акыркы сөзүндө мурун да айтканын кайталап: “Мага козголгон кылмыш ишти туугандарымдан угуп, териштирүү үчүн өзүм келгенмин Кыргызстанга. УКМК айткандай мени эч кандай Казандан кармабай эле Москвадан 2018-жылдын 20-октябрында өзүм учуп келгем. Анан таңкы саат төрттө аэропорттон УКМК кызматкерлери кармап кетишкен, ошондон бери ошол жакта олтурам”, - деп кошумчалаган.

Мурдагы соттук олтурумдарда мамлекеттик айыптоочу Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирип, аны 7 жыл 6 айга түрмөгө кесүүнү сураган.

Эскерте кетсек, Илмияновго “жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган” деген кине менен “Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси боюнча айыпталды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости