www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илим Карыпбеков түнкү 3дө кайдан ...

1-мартта, кыргыз элитасы РФнын президенти В.Путин баштаган жоон топ россиялык делегацияны узаткан түнү Бишкектин Түштүк дарбазасы тараптагы А.Токомбаев жана Б.Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде саат 3төр чамасында үрөйдү учурган кырсык болду. Ал өтө катуу ылдамдыкта бараткан "Range Rover" автомашинасы жолдун четиндеги тосмодон өтүп кетип, темир тирөөчтү сүзүп, сокку айдооочу отурган сол жактан тийген.

Кудай жалгап түндөсү кокусунан ал жерден өтүп бараткан бирөө “Тез жардам” кызматына кабар берип 12 минутанын ичинде жетип барган медиктер клиникалык өлүмгө кабылган жабырлануучуну сактап калышты. Бул адам КТРКнын директору Илим Карыпбеков экенидигин уккан саламаттык сактоо министри Т.Батыралиев өзү уктап жаткан учурда ойгонуп, жеке көзөмөлүнө алып, Илимди ажалдын оозунан сууруп алышты. Врачтар Илимдин абалы дале болсо оор экенин айтышууда. Бизда кесиптешибиздин сакайып кетүүсүнө тилектешпиз.

Бирок. 2 миңден ашык кызматкери бар мекеме жетекчиси түнкү 3тө кайдан келаткандыгы эмнеге жалгыз болгондугу тууралуу эч кандай маалымат айтылбай жатат. КТРКдагылар да аны жумушка велосипед менен келип-кетерин машинаны жакшы айдай тургандыгын ичкилик ичпестигин айтышууда. Анда анын машинаны өтө ылдамдыкта айдап, рулду башкара албай калышына эмне себеп болду?

Булак: Майдан.kg


 

Последние новости