www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы имам Садыбакас Дооловдун чуулгандуу билдирүүсүнө байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Анын айтымында, Садыбакас Доолов Бишкектин Свердлов районунун башкы имамы.

"Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт жана видеодогу сөздөр кандай максатта айтылгандыгын териштирет”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Садыбакас Доолов эттин кымбатташына өлкөдөгү аялдарды айыптаган. Ал муну аялдардын ылайыксыз, кыска көйнөк кийингени үчүн деп эсептеп, эркектерди «ушул шермендечиликти токтотууга» үндөгөн. Аталган билдирүү социалдык тармактарга тарап, коомчулук арасында түрдүү сын-пикирлер айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости