www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майда жарааттар, кусуу, баш оору, дене табынын көтөрүлүшү — энтеровирустук инфекциянын негизги белгилери болуп саналат.

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин дарылоо боюнча орун басары Айнура Узакбаева билдиргендей, бул жөнөкөй сезондук оору. Кыргызстанда азыр күчөшү байкалган жок, бирок учурлары катталып жатат.

«Ичеги, энтеровирустук жана ротавирустук инфекциялардын көбөйүшү күтүлүүдө. Акыркы 2-2,5 жылдын ичинде жугуштуу ооруларга чалдыгуу төмөн болгон, анткени көптөгөн адамдар обочолонууда болуп, беткап тагынуу режимин, социалдык аралыкты сактап, үйдө отурушкан. Коронавирус инфекциясы басымдуулук кылды. Азыр дагы COVID-19 учурлары бар, бирок ичеги, энтеровирустук инфекциялар менен ооругандар да кабыл алынууда. Кимде оорунун өтүүсү орточо жана оор болсо, биз ооруканага жаткырабыз. Калгандары амбулатордук түрдө дарыланууда», - деди дарыгер.

Эгерде дене табынын көтөрүлүшү, кусуу белгилери, майда жарааттар пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылып же тез жардам чакыруу керек.

Үй-бүлөлүк дарыгерди чакырууга мүмкүн болбосо, анда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жардам көрсөтүлөт.

«Эч убакта өз алдынча дарыланууга болбойт. Антибиотиктерди ичпеңиз, майда жараттарга эч нерсе сүртпөңүз, бул терс таасирлери менен коштолуп, диагноз коюуну кыйындатат. Мисалы, майда жараттар ар кандай болушу мүмкүн жана анын этиологиясын дарыгер гана аныктай алат», - деди Айнура Узакбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости