www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“KG групп” курулуш компаниясынын президенти, меценат Имамидин Ташов Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жеринде жайгашкан Көк-Таш айылына 3 багытта жардам бере турган болду.
Имамидин Ташов 10-январда чек ара чыры чыккан айылдын тургундарынан кабар алды. Чек арадагы ар кандай терс окуялар, чыр-чатактар токтосун деген тилекте 2 жылкы союлуп, куран окулду. Аталган жолугушууда Көк-Таш айылынын тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бир катар көйгөйлөрдү айтты. Имамидин Ташов чек арада болуп жаткан чыр-чатактар бир эле ал жердин эмес, жалпы кыргызстандыктардын көйгөйү экенин белгиледи.
-Чек арада болуп жаткан окуялар сиздер сыяктуу эле менин да жүрөгүмдү өйүп, тынчсыздандырат. Өлкө үчүн да, ар бир жаран үчүн да тынчтыктан өткөн дөөлөт жок. Ушундай оор кырдаалда жашап, ар кандай кыйынчылыктарга карабастан өлкөнүн чек арасын коргоого чоң жардам кылып жаткан элге рахмат. Мен да сиздерге колумдан келишинче көмөк көрсөтүп, максатыңыздарга ортоктош болоюн,-деди Ташов.
Жолугушууда жергиликтүүлөрдүн негизги көйгөйлөрүн чечүүгө жардамдаша турган болду:
- Буга чейин документи туура эмес болуп, талашка түшүп келген 100 үй-бүлөнүн турак-жайына кызыл китеп алууга көмөк көрсөтүп, ага коротулчу чыгымды толугу менен каржылап бере турган болду.
- Чек арадагы коопсуздукту бекемдөө жана кошуна өлкөнүн жарандарынын буга чейинки сыяктуу ар кандай чагымчылдык аракеттеринин алдын алуу максатында видеокөзөмөл жабдууларын орнотууга жардамдашууну убадалады.
- Көк-Таш айылынын социалдык көйгөйлөрүнүн бири болгон айылды жарыктанды

Булак: “NazarNews.kg”

Последние новости