www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оман өлкөсүн 50 жыл бийлеген султан, Кабус бен Саид Аль Саид 10-январь, жума күнү 79 жашында узакка созулган оорудан улам каза болду.

Ал эми бүгүн, 11-январда айрым эл аралык маалымат булактар, Кабус бендин аталаш бир тууганы Хайсам бен Тарек Аль Саид, Оман Кеңешинде ант бергенин билдиришти. Анткен менен аны далилдөөчү, расмий маалымат чыга элек.

Белгилей кетсек, Оман конституциясынын 6-беренесине ылайык, башкаруучу үй-бүлөнүн жакындары 3 күндүн ичинде бошогон тактынын ээсин тандашы керек. Анткен менен өлкөнү 1970-жылдан бери башкарган Хайсам бендин артында эркек тукум калган эмес. Ошондой эле ал өлөөр алдында мураскер тандоого дагы үлгүрбөптүр.

Эске сала кетсек, өлкөнүн жаңы башкаруучусу Хайсам бен, буга чейин маданият министри болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости