www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Мадхя Прадеш аймагында табылган жана 1,6 миллиард жыл мурункусуна таандык экендиги болжолдолгон кызыл балыр фосилдеринин дүйнөнүн эң эски өсүмдүгү болушу мүмкүн экендиги ортого салынды.

Швеция  табият тарыхый музейинен профессор доктор Тереза Саллстедт жетекчилигиндеги изилдөө тобу Читракуте шаарынын жакындарында чөкмө тектер ичинде жаңы фосилдерди тапты.

Изилдөөчүлөр бул фосилдердин  өсүмдүктөр жана көп клеткалуу организмдердин өтмүшүнүн ушул күнгө чейин билингенден 400 миллион жыл артка кеткендигинин далили болушу мүмкүн экендигин белгиледи. Фосилге айланган өсүмдүктүн деңиз балырынын бир түрү болгон кызыл балырдын клетка формасы жана түзүлүшүн камтыгандыгын белгилеген изилдөөчүлөр 1,6 миллиард жыл мурункусуна таандык фосилдердин жалпысынан көп клеткалуу жандуулардын өтмүшүнө байланыштуу  эң эски табылга болуп саналарын белгиледи.

Жер жүзүндө бир клеткалуу жандуу турмушуна байланыштуу издер 3,5 миллион жыл мурункусуна таянат. Өсүмдүк калдыктарына таянган көп клеткалуу турмуштун биринчи табылгалары болсо 1,2 миллиард жыл мурункусуна таандык. Изилдөөнүн табылгалары «PlOS Biologyде» жарыяланды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости