www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таанымал рэпер, ийгиликтүү ырчы Тимати, тилекке каршы, кыздарды кол каптардай эле тез-тез алмаштырат. Учурда сүйлөшүп жүргөн кызы Анастасия Решетова 20 жашта, “Мисс Россия 2014” сулуулар сынагында экинчи орунду багынткан келишимдүү модель. Түгөйлөр мамилелерин официалдуу түрдө ачыкка чыгарыша элек. Бирок, Анастасия ырчыны кайсы жерде болбосун жандап жана рэпер менен болгон сүйүү мамилеси үчүн сыймыктанаары бизге белгилүү болду. Тиматинин кезектеги сүйүүсү болгон Анастасияны жакындан билүү үчүн биз чакан маек уюштурдук. Анда, маекке назар салыңыздар!

- Анастасия, романтиксиңби?

- Менин сүйүктүүм терезенин түбүнө келип, Есениндин чыгармаларын оозеки окуп беришин каалабайм. Гүлдөргө да өзгөчө маани берип карабайм. Себеби, аны үйдө деле өстүрүп алса болот. Ал эми романтикалык жолугушуу болгондо түнкү Москвада спорттук авто унаа менен жүргөн жагат.

- Биздин билишибизче, сенин жүрөгүң атактуу рэпер Тиматиге арналган. Экөөңөр кандайча таанышып калгансыңар?

- Жалпы достор аркылуу таанышып калганбыз. Курбу кызым мени кечки тамактанууга чакырган. Ал жакта көп тааныштар бар болчу. Ошол жакта биз биринчи жолу жолугушуп, таанышканбыз.

- Ал сени кантип багынтып алды?

- Ал менин жанымда болгондо өзүмдүн коргоочум, аска-зоом тургандай сезем. Бирок, бул нерсе мен үчүн менин бардык маселелеримди чечип берет дегендикке жатпайт. Мен өз алдынча кызмын. Жөн гана менде эмне бар, ким менен эсептешүүгө болот, аркамда ким турат билүү маанилүү. 

- Ортодогу чоң жаш курак ыңгайсыздыкты жаратпайбы? 

- Жаш курак мен үчүн эч качан роль ойногон эмес. Мен бала чагымда менден улуулар менен достошчумун. Өзүм теңдүүлөр менен сүйлөшүү мага кызыксыз.

- Сен никеге, балдарды жарыкка алып келүүгө даярсыңбы?

- Даярмын. Апам мени он алты жашында төрөгөн. Мен дагы жаш курагымда көз жаргым келет. Эки жылдан кийин так убакыт келет деп ойлойм. Чыныгы үй-бүлөнү куруу үчүн, официалдуу түрдө катталуу керек деп эсептейм.

- Кандай үй-бүлө тууралуу кыялданасың?

- Мен эки уулдуу болууну абдан каалайм. Менин жакындарым жана досторум дагы менин жанымда эки уул турса, мага абдан жарашаарын көп айтышат.

- Тамак жасаганды билесиңби?

- Тамак жасай алам. Аны мага эч ким үйрөткөн эмес. Бош убакытм болгондо кулинариялык масстер класстарга барып турам.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

 

Последние новости