www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-ноябрда өткөн шайлоо жыйынтыкталгандан кийин жеңүүчүлөрдүн бири үч апта мурда эле көз жумганы белгилүү болгон.

Индиянын Бихар штатында көзү өткөн саясатчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына шайлоодо жеңүүчү болду. Бул тууралуу РИА Новости маалымат булагы NDTV телеканалына таянып жазды.

Жергиликтүү тургундар маркумдун акыркы тилегин аткаруу үчүн ага добуш беришкен.

Маалыматта айтылгандай, 24-ноябрда шайлоонун жыйынтыгы чыгарылган күнү жеңүүчүлөрдүн бири эч жерден табылган эмес. Кийинчерээк анын 6-ноябрда эле көз жумганы белгилүү болгон.

Маркум Сохан Мурмунун үй-бүлөсү шайлоодо жеңишке жетүү анын акыркы тилеги болгонун, айыл тургундары маркумдун акыркы каалоосу орундалсын деп ага добуш беришкенин айтты. Жергиликтүү бийлик эми кайрадан шайлоо өткөрмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости