www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия орус чийки мунай импортун 50 эсеге көбөйттү

Индиянын кайра иштетүүчү компаниялары ушул жылдын апрелинен июнь айына чейин орус чийки мунай сатып алууну 50 эсеге көбөйтүштү.

The Economic Times гезитинин булактарына таянып жазганына караганда, бүгүнкү күндө орусиялык чийки зат Индия чет өлкөдөн сатып алган чийки мунайдын болжол менен 10% түзөт, ал эми 2022-жылдын 24-февралына чейин бул көрсөткүч жалпысынан 0,2% ашкан эмес.

«Орусия Индияга мунай берүүчү алдыңкы он өлкөнүн бири. Май айында Орусия Сауд Аравиясын басып өтүп, республикага бул чийки затты Ирактан кийинки экинчи ири экспорттоочу болуп калды», - деп айтылат маалыматта.

Москва мунайдын баррелин 30 долларга чейин арзандатуу менен сата баштаганда Индия кырдаалдан пайдаланып, энергиянын дүйнөлүк баасы көтөрүлүп кеткени белгиленген. Ушул жылдын май айында Нью-Дели 25 миллион баррель орус мунай сатып алган.

Маалым болгондой, бул өлкө АКШ менен Кытайдан кийин дүйнөдө эң көп кара алтын керектөөчү болуп, 85%дан ашыгы чет өлкөдөн сатылып алынат. Белгиленгендей, орусиялык мунайдын 40% Reliance Industries жана Nayara Energy жеке мунайды кайра иштетүүчүлөр тарабынан сатылып алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости