www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Махараштра штатындагы Пуна шаарында 15-июнда Индраяни дарыясындагы көпүрө кулады.
Көпүрөдөгү көптөгөн туристтер дарыяга агып кеткен. Бүгүн, 16-июнда эртең менен гана аяктаган издөө иш-чарада төрт адам каза болуп, 50дөн ашуун жаракат алган адам куткарылганын NDTV билдирди. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Көпүрө болжол менен 30 жыл мурун курулган. Басылманын маалыматына караганда, жергиликтүү тургундар буга чейин көпүрөнүн коопсуздугу боюнча тынчсыздануусун билдиришкен, бирок көптөгөн туристтер мүмкүн болуучу коркунучту билишкен эмес. Кырсык болгон учурда анын үстүндө жети-сегиздей велосипедчен жаран жана 100дөй адам болгон.