www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Индиянын келишимдерине ылайык, Индияда кылмыш жасаган кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоо мүмкүнчүлүгү каралган. Бул тууралуу аскер прокурору Кумарбек Байдылдаев Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, Индиянын мыйзамдарында өлүм жазасы каралгандыктан, кыргыз жарандарынын укугун коргоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда Индияда кылмышка шектелген кыргызстандыктардын так саны азырынча белгисиз.

"Келишимдеги өз ара аракеттенүү принцибин колдонуп, аларды алып келүүгө аракет кылабыз. Индияда кылмыш кылган болсо да ал биздин жаран. Алып келгенге толук кам көрүшүбүз керек. Индиянын соттору биздин Кылмыш-жаза кодексинин жазасына шайкеш келбесе, баш тартып коюшу мүмкүн. Бирок бизде Тышкы иштер министрлиги бар, өз ара келишим, мамилелерибиз түздөн-түз түзүлүп, аракет кылабыз, көмөк көрсөтөбүз",- деди Байдылдаев.

22-сентябрда Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстан, Индия жана Пакистан ортосундагы өз ара укуктук жардам жана өткөрүп берүү боюнча келишимдерди ратификациялоо маселесин карады.

Последние новости