www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санжар Жапарбекович Маткулов Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев кол койгон.

Бүгүн, 22-сентябрда, министрдин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев департаменттин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.

Ал Санжар Маткуловго мындан аркы кызматтык ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Санжар Маткулов Курулуш министрлигинин Курулуш башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Последние новости