www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) башчысы Уланбек Султановдун төрагалыгында гибриддик форматта ыкчам кеңешме өттү.

Жыйынга Кызматтын түзүмдүк башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Кеңешмеде Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында 14–18-сентябрь күндөрү өткөрүлгөн «ЖЕЛЕ» эл аралык операциясынын жыйынтыктары, 2026-жылдын 9 айын ийгиликтүү жыйынтыктоо маселелери жана башка актуалдуу маселелер каралды.

Жыйындын жүрүшүндө Уланбек Султанов түзүмдүк башкармалыктардын жетекчилерине өздүк курам арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле кызматкерлерге талаптарды так жеткирүү, нускамаларды үзгүлтүксүз өткөрүү жана өздүк курамдын кызматтык-атайын даярдыгын жогорулатуу боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Мындан тышкары, 9 айлык иштин жыйынтыгын ийгиликтүү чыгаруу максатында баңгизатка байланыштуу кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чараларды күчөтүү тапшырылды.

Өзгөчө баңгизаттардын оор түрлөрүнүн жана синтетикалык заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө, ошондой эле баңгиликтин алдын алуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүүгө басым жасалды.

Последние новости