www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Шашылыш хирургия бөлүмүндө 2,5 жаштагы балага биринчи жолу торакоскопиялык лобэктомия жасалды.

Операция учурунда өпкөнүн бир бөлүгү аз инвазивдүү ыкма менен, көкүрөк клеткасын кеңири кеспестен, кичинекей тешиктер аркылуу видеокамеранын көзөмөлүндө алынды.

Операцияны Шашылыш хирургия бөлүмүнүн башчысы Асылбек Кадыркулов жасаган. Консультанттар катары Молдоисаев К.Б. жана Стамбеков С.А. катышкан.

Операциядан кийин бала канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.

Медициналык мекеменин маалыматына ылайык, бул ыкманын колдонулушу борбордо балдардын торакалдык хирургиясын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Последние новости