www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймагында мал уурулуктун алдын алууга жана мындай кылмыштарды аныктоого багытталган «Мал уурулук» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Иш-чаралар Ички иштер министрлигинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы тескемесинин негизинде уюштурулган. Анын алкагында мал уурулуктун алдын алуу, кылмыштарды ачуу, малдын мыйзамсыз ташылышына жана эт азыктарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу максатталган.

ИИМ кызматкерлери Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте мал базарларды, касапканаларды, цехтерди жана эт сатып-сатуу менен алектенген жарандардын ишин текшеришти.

Мындан тышкары, мал ташылган негизги жолдордо блокпосттор уюштурулуп, транспорт каражаттары текшерилди. Рейддерге аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлеринен түзүлгөн кошумча мобилдик топтор тартылды.

Ошондой эле ири соода-базар комплекстеринин аймактарында дүңүнөн ташылып келген бодо жана майда жандыктардын эттеринин мыйзамдуулугу текшерилди.

ИИМден белгилешкендей, өлкөдө малды идентификациялоо жана анын кыймылын көзөмөлдөө боюнча иштер да жүргүзүлүүдө. Бодо малга жана жылкыга тери астына орнотулуучу биркалар жана микрочиптер колдонулуп, бул система малдын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алууга багытталган.

Последние новости