www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Свердлов райондук соту 22-сентябрда тейлөө тармагында мамлекеттик тил талаптарын сактоо тууралуу видеолорду жарыялап жүргөн блогер Айтилек Орозбековду актады.
Бул тууралуу блогер өзү «Азаттыкка» билдирип, сот аны беш эпизод боюнча толугу менен актаганын айтты.
«Бир жарым жыл соттошуп, бүгүн толук акталып чыктым», — деди Орозбеков.
Маалыматка караганда, блогердин иши Свердлов райондук сотунда быйыл жазында кайра каралып, комиссиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусунда Орозбековдун аракеттеринде улут аралык кастыкты козутуу белгилери жок экени көрсөтүлгөн.
Буга чейинки соттук териштирүүлөрдө прокуратура блогерге 200 миң сом айып пул салууну сураган.
Кылмыш иши Орозбеков былтыр май айында YouTube каналында «Куликов» кофеканасында кыргызча сүйлөгөн кардарлар тейленбей жатканын айтып, кыргыз тилин сыйлабаган кофейняларга барбоого чакырган видеону жарыялагандан кийин козголгон.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы блогерге Кылмыш-жаза кодексинин расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга байланыштуу беренеси менен кылмыш ишин ачкан. Орозбеков 2025-жылдын 6-майында кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.
Кийин «Куликов» кондитердик үйү менен блогер элдешип, компания сотко берген арызын кайтарып алган. Ошого карабастан, соттук териштирүү уланган.