www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУну реформалоо керек, анткени эл аралык уюм учурда өз милдеттерин аткара албай жатат. Мындай пикирин Индиянын премьер-министри Нарендра Моди билдиргенин индиялык The Economic Times порталы жазып чыкты.

Моди эксперттер учурдагы глобалдык коопсуздук кырдаалын талдап чыгышы керек деп түшүндүрдү.
Атап айтканда, ал белгилегендей, эмне үчүн эл аралык коомчулук тынчтыкты сактоо маселелерин БУУнун алкагында эмес, ар кандай форумдарда талкуулоого аргасыз болуп жатканын түшүнүү керек.

Премьер-министр уюм сөзсүз түрдө реформаланышы керектигин белгиледи. 

“Бул процесстин бир бөлүгү катары БУУ жана БУУнун Коопсуздук Кеңеши “Глобалдык Түштүктүн” үнүн так угушу керек, башка куру сөз аянтчасына айланбашы керек”,-деди Моди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости