www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиянын айыл – чарба министрлигинин малдардын саламаттыгы мекемесинин төрагасы Кетут Диармита Бразилиядан уйдун эти менен тоок этин импорттоону убактылуу токтоткондугун билдирди.

Диармита уйдун эти менен тоок талабына байланыштуу жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө азыркы учур үчүн ички базарда импортко муктаждыктын жок экендигин айтты. Ошол эле учурда Индонезия эт соода комиссиясы да Бразилиядан эт импорттоонун туруктуу түрдө токтотулушун талап кылып, эт импортунда процедура жана изилдөөлөрдүн дагы да күчтөндүрүлүшү керектигин белгиледи. Комиссия айрыкча эт импорттоодогу иретке салуулардын начар сапаттагы продукциялар менен бирге адал болбогон эттердин да өлкөгө киришине чара көрүлүшү керектигин баса белгиледи.

Вьетнам да Бразилиядан эт алууну токтотту.

Вьетнам маалымат агенттиги ВНАнын берилген кабарга караганда Вьетнам айыл – чарба жана элеттик өнүгүү министрлиги Бразилияда чыккан эт чыр  - чатагынын негизинде иликтөөгө алынган 21 заводдон эт алууну 23 – марттан баштап убактылуу токтоткон чечим чыгарды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости