www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Жалал-Абад маданият техникумунун мугалимдери өз ара спорттук мелдештерди өткөрүштү жана бул саамалыкты апта сайын кайталап турушмакчы. Бул туурасында Жалал-Абад маданият техникумунун директору Абдижалил Таштанов  билдирди.

Анын айтымына караганда, чыгармачыл педагогикалык жамаат мүчөлөрү бул мелдеште активдүү катышып, “Чыңалсын денең спорт менен” деген аталышта спорттун волейбол, теннис, тогуз коргоол, шахмат түрлөрү боюнча күч сынашышты.

-Башкы максатыбыз - окуу мезгилинен сырткары бош убакытты сергек жашоого багыттоо, эмгек жамаатынын ынтымагын бекемдөө. Буга чейин да студенттер жана  мугалимдер арасында мындай иш-чаралар такай өткөрүлүп келген. Буюрса, мындан ары аталган окуу жайда жума сайын сабактан кийин спорттук оюндарды уюштуруп турууну салтка айлантуу демилгесин көтөрүп жатабыз, - дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, оюндун жыйынтыгында алдыңкы орундарга жетишкен командаларга окуу жайынын администрациясы тарабынан Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эскерте кетсек, 1980-жылдан бери иштеп келе жаткан бул окуу жайда “Китепкана”, “Иш жүргүзүү жана социалдык маданий ишмердүүлүктү уюштуруу”  бөлүмдөрүндө  167 студент билим алып, 32 мугалим эмгектенет. Шаарда кандай гана маданий иш-чаралар өткөрүлбөсүн, ага маданият техникумунун студенттери дайыма катышышып, активдүүлүгүн көрсөтүп келишет.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости