www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Садыр Жапаровдун жактоочусу катары кырдаалды айтып бересеңиз...

-Садыр Жапаров менен Казакстандан, Кыргызстанга чогулуп өттүк. Кыргызстанга кирип келе жатканда эле бизди 3-4 камера тартып турду. Садыр Жапаровду камай турган тарапка баарын түшүндүрдүк. Алар, алгач Садыр Жапаровду бүгүн, 25-мартта, саат 19:30 күбө катары чакырган жана УКМК чакыруу кагазын берген.

Биз ошол жерде, чек арада “повесткага” 19:30до барабыз деп кол коюп бердик. Тилекке каршы 19:30до барабыз деп кол коюлганы менен аны кармап кетишти. Бул турган мыйзамсыздыктын чеги. Мен жактоочу катары ордеримди көрсөткөнүм менен Садырды Жапаровду мыйзамсыз, жанында жактоочусу жок алып кеткени такыр туура эмес. Мени кошпой коюшту. Бүгүн аны УКМКга 19:30 чакырып, андан мурун камап, кармап кеткени туура эмес.  

-Жактоочу катары айтсаңыз, мүмкүн Садыр Жапаровдун күнөөсү бардыр...

-Садыр Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок, бийликтин аны камаганга акысы да жок болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости