www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окумуштуулар инфаркты жана инсультту алдын алган инновациялык каражат ийгиликтүү сыноодон өткөнүн айтууда.

Дарыны сынаган эл аралык тажрыйбага 27 миң киши катышып, тыянагында бул каражат организмдеги зыяндуу холестеринди азайтарын көрсөткөн.

Мындай ийгиликтүү иликтөөдөн кийин ал каражат миллондогон кишилер үчүн колдонууга чыгарылат деп айтылууда.

British Heart Foundation деп аталган медициналык кайрымдуулук уюму бул тыянактарды жүрөк ооруларынын клиникалык формасы менен күрөшүүдөгү жетишкендик катары баалаган.

Дүйнө жүзүндө жыл сайын жүрөк, кан тамыр ооруларынан болжолу 15 миллион киши көз жумат.

Организмдеги зыяндуу холестериндин жогорку деңгээлде болушу кан тамырларды кысып калып, жыйынтыгында жүрөккө жана мээге керектүү кислород жана азыктандырган каражаттар жетиштүү келбей калат.

Буга чейин деле зыяндуу холестеринди азайтуу үчүн миллиондогон кишилер дарыларды колдонуп келген. Бирок жаңы эволокумаб дарысынын жыйынтыгы чоң натыйжаларды көрсөттү дейт окумуштуулар. Ал зыяндуу холестеринди кандан тазалап салууга боорго жардам берет.

"Ал статиндерге караганда алда канча эффективдүү ", -деди Лондондогу империялык коллеждин профессору Питер Север.

Окумуштуу жаңы каражаттын британ аймагындагы сыноосун өткөрүүгө катышкан. Аны Amgen фармацевтикалык компаниясы каржылган.

"Жыйынтыгында зыяндуу холестерин төмөндөп, төмөндөп олтуруп, биз качандыр бир медициналык практикада көргөн эң төмөнкү чекке чейин түштү",-деди Би-би-сиге берген маегинде профессор Север.

Бул иликтөөнүн тыянактары New England Journal of Medicine журналына жарыяланган жана кардиология боюнча америкалык коллеждин жыйынында айтылды.

Эки жылдык тесттин жүрүшүндө окумуштуулар иликтөөгө катышкан мындай дартка чалдыгуу коркунучунда турган кишилердин 365и эгерде эле бул каражатты колдонбосо, анда алар инфаркт же инсультка кабылмак деген тыянакка келген.

Булак: "bbc.com"

Последние новости